Бишкек, "Саясат.kg". Камчыбек Кыдыршаевич мындай дооматты токтотуп, эки тарапты сүйлөшүү жолу менен чечкенге чакырып жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.
Бул боюнча экс-вице-премьер–министр Абдырахман Маматалиев пикирин айтты.
- Камчыбек Кыдыршаевич абдан туура айтып жатат. Мен муну бир топ жыл чек арада алектенген адам катары тастыктап айта алам. Союз учурунда Кыргызстандын нечендеген чоң аймактары негизсиз Тажикстанга өткөрүлүп берилгени боюнча архивдик материалдар бар экендиги жөнүндө бизде да маалымат бар. Биз дагы учурунда тажиктерге “аймактык дооматты” токтотпосоңор, чоң аймактарды кайтарып берүүңөр тууралуу талапты коёбуз" деп айтканбыз. Ошол мезгилде макулдугун берип, доомат коюудан баш тартышкан. Бирок бизде жетекчилер тез-тез алмашкандыгына байланыштуу алар улам эле жаңы жетекчиге курулай дооматтарды айтып келе жатышат.
Акыркы жылдары өзүңүздөр билгендей бир топ чыр-чатак болуп, көптөгөн жарандарыбыз курман болуп, үйлөр кыйрап, мал-мүлктөн ажырашты. Эми бул биздин жетекчиликтин акыркы жылдардагы коюп жаткан курч талаптарынын бири. Бардык материалдар такталып, Камчыбек Кыдыршаевичтин колунда турганы - туура кадам, туура иш. Эгер бул боюнча эл аралык уюмдарга кайрыла турган болсок, тажик тарап куру койгон дооматтары жалган экендигин моюндашат. Бул ачыктан ачык көрүнүп турган далилдүү нерсе.
Камчыбек Кыдыршаевич мындай дооматты токтотуп, эки тарапты сүйлөшүү жолу менен чечкенге чакырып жатат. Эгер чагымчылдык иштер токтобосо, анда талапты катуу коёбуз деп эскертип жатат. Бизде далилдүү документтер бар экени аларга деле маалым. Эми эки тараптуу чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге алар деле каршылык кылбайт деп ишенем!