Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 387

Бишкек, "Саясат.kg". Ошол эле убакта чек ара маселесин тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө коңшуларды чакырды. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген. 

Бул боюнча тарых илимдеринин кандидаты, доцент Моймол Жусупова пикирин айтты. 

- УКМК төрагасы коомчулукка маанилүү маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда канча жылдан бери чечилбеген маселе боюнча айтып, Тажикстандын бизге жер, чек ара боюнча дооматтарын тынымсыз билдирип келгенин, алардан баш тартпаса биз чындыгыбызды мыйзамдуу далилдөөчү тарыхый документтер бардыгын белгиледи. Ошол эле убакта чек ара маселесин тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө коңшуларды чакырды. 

Демек, бул тарыхый документ эки элдин ортосуна доо кетирбеген, ынтымак алып келген документ болот деп эсептейбиз. Биз кыргыз коомчулугу мындай демилгени колдоого алуубуз керек. Себеби ал мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн, келечегин сактоодо өтө чоң мааниге ээ.