Бишкек, "Саясат.kg". Тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө доомат коюуга Кыргызстандын эл аралык мамилелер боюнча укугу бар.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткенде коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасында Тажикстан дооматтарын токтотпосо, Кыргызстандын да аларга кое турган дооматы бардыгын, ага негиз катары жаңы тарыхый документтер табылганын билдирген.
Бул боюнча КР УКМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Замирбек Чолпонбаев пикирин айтты.
- Генерал Камчыбек Ташиев издеп атып бир топ тарыхый, чындыкка дал келген документтерди таап чыгышканын, ал боюнча Кыргызстандын бир катар жерлери 50-60 жыл мурда Тажикстанга өтүп кеткени аныкталаарын билдирди. Ошонун негизинде Камчыбек Ташиев айтып жатат "эгерде Тажикстан бизге доомат койгонду токтотпосо, биз дагы доомат коебуз" деп. Тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө доомат коюуга Кыргызстандын эл аралык мамилелер боюнча укугу бар.
Бул билдирүү жөн жерден айтылган жок. Былтыр 14-15-16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусу болгон, ошол кандуу окуянын бир жылдыгында айтылды. Ошол себептен генерал Ташиев тарыхый документке таянып, билдирүү жасаган болсо, бул туура нерсе. Биздин мамлекетибиз жылдан жылга өзүнүн коопсуздугун сактоого көп каражат жумшап, аскер техникасын алып, кубаттуулугун чыңдоого аракет жасап жатат. Азыр алды-артыбызды карабастан, кайсы бир мамлекетке көз каранды болбостон, чек арабызды, бүтүндүгүбүздү сактап калууга умтулушубуз керек. Ушул көз караштан алганда, биз, Коопсуздук комитетинин ардагерлери, Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн колдойбуз жана жасап жаткан иш аракеттерине дайыма көмөк көрсөтүүгө даярбыз!