Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 736

А.Арабаев: Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсү тажик тарапка «сигнал» болушу керек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 15-сентябрда Баткен жергесинде болуп, Тажикстандын кол салуусунан курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышты. Анда Камчыбек Ташиев чек ара маселеси тууралуу айтып жатып, Кыргызстан коңшу өлкөгө доомат коюуга мүмкүнчүлүгү бардыгын белгилеген. 

Юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаев бул боюнча пикирин билдирди. 

- Былтыр ушул күндөрү баткендик туугандарыбыз Тажикстандан кол салган аскерлердин айынан үйлөрүн таштап, качып кеткенге же башка жакка көчкөнгө аргасыз болушкан. Жарандарыбыздын да, аскерлерибиздин да арасында курман болгондор бар. Алардын саны 60тан ашкан. 200дөн ашуун жарандарыбыз ар кандай жаракат алышкан.

Жүздөгөн жылдар бою коңшу жашап, алыш-бериш, соода-сатык менен алака түзүп, ынтымактуу эле жашап-көнүп келген эки элдин арасындагы араздашуу жакынчы жылдары күчөгөнү анык.

Айрыкча, чек ара маселелерин чечели деп иш башталганда эле, тажик тарап ар кандай аймактык дооматтарды коюп, анын артынан өздөрүнүн шарттарын коюп келет. Чек араны чечүүдө эки тарап болгондон кийин, эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынып, паритеттүү негизде, өз ара макулдашууга, анан бир жыйынтыкка келишин, атайын даярдыктагы адистер эле эмес, катардагы жарандар деле бөркүндөй билип отурбайбы?

Бирок тажик тарап дооматтары аз келгенсип, Кыргызстандын айылдарына, жарандык объекттерге, мектеп, бакча, ФАП, дүкөндөргө кол салгандан кайтпады.

Ал эми кыргыз тарап президентибиз Садыр Жапаровдун кандай маселе болбосун, тынчтык жолу менен чечели, сабырдуулук кылалы дегенинен улам коргонуу позициясында болдук.

Кечээ күнү Баткендеги каргашалуу окуялардын бир жылдыгына байланыштуу курман болгондорго эстелик-мемориал ачылып, эскерүү иш чаралары учурунда чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө: "Тажикстан менен чек араны биз кол башчыбыз Садыр Жапаровдун талабы боюнча тынчтык жолу менен чечебиз деп аракет кылып келдик. Ал эми тажик тарап бизге дайыма аймактык дооматтарды коюп келет. Биз азыр да  тынчтык жолу менен чечели деген позициядабыз. Бирок, тажик тарап доомат койгондон кайтпаса, анда биз да аларга аймактык доомат коюбуз",- деди. "Кое турган дооматтарыбызды тарыхый да, юридикалык да далилдеп бергенге биздин колубузда тиешелүү документтер бар" деп айтты.

Камчыбек Ташиевдин айткандарын баарыбыз колдошубуз керек. Эгерде тажик тарап доомат койгондон кайтып, мунасага келип, маселе чечпесе, эмнеге кыргыз тарап буларды жөн гана карап отурушубуз керек? Доомат койсо, биз да доомат коюлу да.

Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсү тажик тарапка «сигнал» болушу керек. Тажикстан чек ара маселелерин чындыгында эле чечели деген ой-максаттары болсо, анда биз тараптын да үнүн, талаптарын угуп, орток пикирге келип, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылышы абзел.