Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 1303

А.Акматалиев: Тажик өкмөтү үчүн бул негизги документ болуп атпайбы, кашайып!

- Мадумаров... "Төрт Көчө" жөнүндө келишим...

Адахан мырза такай айтып келет: ал кол койгон документ эч кандай юридикалык күчкө ээ болгон эмес. Ал кол коюлган документ ратификациядан өткөн эмес, Өкмөт аркылуу бекемделген эмес!

Бир чети эң туура айтат: Кыргызстан үчүн ал документтин эч укуктук күчү жок, себептерин да туура айтып атат Адахан!

Бирок тажик тарап, Тажик өкмөтү үчүн бул негизги документ болуп атпайбы, кашайып! Тажиктер аны тааныйбыз жана ошого негизделебиз деп атпайбы! Тажиктер үчүн ал документ укуктук күчү бар деп атышпайбы!

Маселе ушунда да... Эл аралык мамиле үчүн "сен өз мамлекетиңде кол коюлган документти мага демектен өрттөп жибер, бирок биз ал документти тааныйбыз, ага баш ийебиз, аны колдооого алабыз" деген учурлар тарыхта көп эле кездешет... Эл аралык мамилелердин өзгөчөлүгү ушунда да. Эң жүйөлүүсү, ал 275 метр жерди Кыргызстан арендага алат деп кол койгон мамлекеттик кызматкер облустун губернатору же райондун акими эмес. Президент өзү дайындаган, конституциялык негизги органдардын бири - Коопсуздук Кеңештин Секретары болуп атпайбы!

Албетте, чыныгы юридикалык жактан алганда ал документтин күчү жок болушу керек. Бирок бул жерде тажик тарап саясий, дипломатиялык оюн кылып жатат да. "Силердин ич ара мамилеңер кандай экенин билбейбиз, ички мыйзамдарыңар менен ишибиз жок. Бизге силердин расмий өкүлүңөр, президентиңер дайындаган жана ишенген адам кол койгон документ маанилүү. Биз ал кишинин колун расмий бийликтин колу деп эсептейбиз" деген позицияны ээлеп алып, көшөрүп турушат да тажик бийлиги...

Ушул жагы маанилүү... Ошол үчүн эларалык мамиледе кол коюлчу документтерге өтө этият мамиле кылуу зарыл! Себеби ушундай окуялар болуп кетиши мүмкүн...

Кийин, баары кайнап калганда, "мен кол койгон документтин эч юридикалык күчү жок" деген - бул "жоо кеткенден соң, кылычыңды жерге чап" дегендей эле болуп калат, тилекке каршы!