Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 1104

Бишкек, "Саясат.kg". Т.Сариев мамлекетибизди түйшүккө салды, 45 млн долларга карыз кылды.

- Азыркы учурда маалымат каражаттарында Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча саясатты түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да "ой кетти эле кетти, сатты эле сатты" ж.б. деп алтын таап алгандай ойлорун айтышып, жазышып элдин башын айлантышууда. 

Булар кимдер? Булар - бийликтен көзү өткөндөр, бийликтен куулгандар, бузуку бейөкмөттөр, сырттан каржылангандар, УКМКнын СИЗОсун көрүп чыккандар жана алардын тарапташтары ж.б.
Мен ушуларга жооп катары өз оюмду билдирип коюуну чечтим.

Урматтуу эл-журт, талкуунун чордонуна айланган 4 пансионат раматылык СССРдин доорунда Өзбекстан курган экен.  Союз таркаганда көз карандысыз өлкөлөрдүн президенттери "ошол учурда кайсы бир республиканын аймагында ким эмне курса да жергиликтүү республиканын менчиги" деп кол коюшат, Беларуста, Алматыда. Бирок төрт пансионат боюнча Акаевдик бийлик ошунун негизинде алып койбой, тескерисинче 1993-жылы келишим түзүп Өзбекстандын башкаруусунда калтырып коёт. 
Атамбаевдин  бийлиги келип, анын көрсөтмөсү менен Темир Сариев башында турган өкмөт Ислам Каримовго таарынып, 4 пансионатты эч кандай юридикалык жагын карабай, сүйлөшпөй туруп, рэкеттик, популисттик жол менен кууп чыгып, тартып алышат. Тескерисинче, "алып койгомун" деп баатыр болуп жаткан Т.Сариев мамлекетибизди түйшүккө салды, 45 млн долларга карыз кылды. Буга юридикалык баа берилиши керек.

Урматтуу элим, тартып алгыдай атасынын менчигиби? (Менчигиңдеги квартирантты да жөндөн жөн, кышта кууп чыга албайсың).

Ошентип, чырдын башы башталат.

Өзбекстан “кыргыз бийлиги мыйзамсыз тартып алган”  -деген  доо менен эл аралык сотко 45 000 000 доллардын тегерегинде алалбай калган пайдасын өндүрүп берүү боюнча кайрылышат.

Акыркы 2 жылда кошуна Өзбекстан менен мамиле жаңы тепкичке чыкты. Чек араны такташтык, кызматташуу, соода-байланыштын көлөмү өстү. Кезек 4 пансионатка келип, анын тагдыры дагы чечилип жатат.

Садыр Нургожоевич баштаган бийликтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Өзбекстан 45 000 000 долларга утуп алган доосун кайтарып алмай болду. Кыргызстан тарап 49 жылга 4 пансионатты пайдаланууга бере турган болууда. Кароосуз калып, эскилиги жеткен пансионаттардын ордуна 4-5 жылдыздуу мейманканаларды, заманбап шарттары бар тейлөөлөр болсун деген талаптар коюлду. 
Өзгөчө белгилеп кетели, бул жерде пансионаттар тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми ал пансионаттар жайгашкан 80 га жерлер ижарага берилип жатат. Аны бүгүнкү айрым чала сабаттар "өзбек тарапка сатылып кетти" деп элди бүдөмүк ойлорго түртүшүүдө.  

Пансионатта иштегендердин көпчүлүгү жергиликтүү элден болот. Туристтердин саны өсөт, мамлекетке ири суммадагы салыктар төлөнөт. Бул – инвестициялык долбоор! 

Мына ушул келишимди бурмалаган саясий күчтөр эмне деп жатышат? “Кыргыз бизнесмендерге эле берсе болмок, соттон утулуп калган 45 000 000 долларын берип салыш керек эле, өзбектерге бербей башка инвестор издеш керек” деген чолок ойлорун айтышууда. 

Эгер 4 пансионатты алып калып, Өзбекстанга 45 000 000 долларды берсек, кайра эле ордуна башка инвестор издеш керек. Бул эки эсе көп чыгым. Башка инвесторлого берген менен өзбектерге бергендин эмне айырмасы бар? 

Өзбектерге 45 000 000 доллар төлөп, кайра башка инвесторго деле 49 жылга ижарага берип, андан 45 000 000 доллар кетирген чыгымды күтүп отургандай апенди белек? 

Ысык-Көлдүн айланасында каралбай жаткан толтура пансионаттар бар, Интернеттен баатыр болуп, ооз көптүрүп сүйлөп жаткандар – ошол пансионаттарга деле инвестор таап, оңдогулачы, ким кой деп жатат?! 

Өзбекстанга 45 миллион доллар бергенден көрө – ал акчага 4 эмес, 5 заманбап пансионат куруп алабыз. 49 жыл эми эле келип калат. Азыр өзбектер инвестиция салат, оңдойт, сонун кылып коет. Аны кайра көтөрүп кетпейт, бизге эле калат. 

Дагы бир популисттер “акча чогулталы” деп чакырык кылып жатышат. 45 миллион эмес, 45 миң сом чогулта аласыңарбы?

Кээ бири "он жылга эле бербейби, 49 жылда ким бар, ким жок" дешет.

Урматтуу мекендештер, кийинки муун ушул келишимдерди карабай эмне иш кылышат? Элибиздин уучу кур эмес,азыркы бийлик баштаган туура жолду уланткан,  мекенчил уул-кыздарыбыз чыгат. А элибиз рэкеттерди, популисттерди, бузукуларды, алысты көрө билбеген өзүмчүлдөргө ишенбей, ээрчибей, келечекте мыктыларды тандаса эч кандай коркунуч болбойт. 

Шылтоо таап,4 пансионатты тема кылышып, элибизди дүрбөлөңгө салган бузукуларга ишенбөөгө сиздерди чакырам!

"Өзүң кылбайсың, кылганды көрө албайсың" деген учкул сөз менен жыйынтыктайын.

Шүкүрбек Эркебаев