Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 193

К.Осмоналиев: Экономикасын, өндүрүшүн туура жолго койгон күчтүү саясатчы.

- Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып,  биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек”-деди. Ал  маселени кабыргасынан койдубу?

- Александр Лукашенко дүйнөлүк масштабдагы саясатчы. Аны өзүнүн Беларусь мамлекетинде жасаган иштери, интеграциялык иштери жана тышкы  ички саясаты боюнча өзү далилдеп, кашкайтып  көрсөтүп жатат. Экономикасын, өндүрүшүн туура жолго койгон күчтүү саясатчы. Александр Лукашенконун  ЖККУга кайрылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чатагын  чечүүгө ЖККУ көмөк кылыш керек дегени жакшы жышаан. Эсиңерде болсо, былтыр январдагы Алматыдагы кандуу окуяда ЖККУнун кандай саясат жүргүзүп жатканына күбө болдук. Ал жерде жарандык эле маселелер бир эле мамлекеттин ичинде болуп жатканына карабастан, Россия демилгелеп ЖККУнун куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Алматыдагы жаңжалды басып токтотуп койду. Эгерде ЖККУ андай иш кылбаганда, анда Кудай бетин ары кылсын Казакстандын ири шаарларында от уланып кетмек. Бул бир.

Экинчи жагынан ЖККУ Армения менен Азербайжандын ортосундагы маселеге да  салкын көз карашын билгизип койду. Туура, Азербайжан ЖККУга мүчө эмес. Ошон үчүнбү, маани берген жок. Ал турсун Тажикстан бир эмес, эки жолу  Кыргызстанга кол салып,  кандуу окуя болгондо дагы эч нерсе болбогондой, эч нерсени көрбөгөндөй таасир калтырышты. Натыйжада эки тарапта тең кан төгүлдү. Канча ата-эне боздоп калды. Жаш балдардан баштап, кыз-келиндерге чейин каза болуп кетишти. Менимче ушулардын баары Александр Лукашенкого  катуу таасир берген окшойт. Ошон үчүн ушундай маселени көтөрүп жатат окшойт. Чындап эле ЖККУ өзүнүн уставынан жараша конфликттерге же сырттан келген экстремисттик- террористтик кол салууларга каршы турушу керек.  Же пайдасы жок уюмдун ишмердүүлүгүн токтотуш керек. Ошондуктан, мен Александр Лукашенконун  көтөргөн маселесин толугу менен  колдойм. ЖККунун мүчөлөрүнүн лидерлери дагы муну колдошу керек. Азыр геосаясат күндөн күнгө өзгөрүп, дүйнөлүк саясат кулач жайып баратканда ЖККУ өзүнүн кандайдыр бир ишке жарактуулугун далилдеши керек.