Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 440

А.Келдибеков: Ата-бабаларыбыз илгертен бери жашап келген биздин тарыхыбызда эч качан чек ара болгон эмес.

2-3-июнда Ысык-Көлдө  өтө турган “Европа Биримдиги – Борбордук Азиянын” саммити тууралуу коомдук саясий ишмер Ахматбек Келдибековдун пикирин билдик.

“Европа Биримдиги – Борбордук Азиянын” саммити жакшы көрүнүш. Себеби, кандай гана интеграция болбосун  ал өзүнүн жемишин берет.  Ал эми экинчи жолку Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер арасындагы  болуп жаткан саммит  бизде Ысык-Көлдө өтүп жатканы абдан жакшы  иш.

Биз келечекте Борбор Азияда жашап жаткан  боордош элдер менен биринчиден – ынтымакта,  экинчиден –  экономикалык жактан бардык шарттарда  интеграцияда жашап, чек ара деген маселе, келечекте Европадагыдай өзү менен өзү чечилип,  жоюлушу керек.

Ата-бабаларыбыз илгертен бери жашап келген биздин тарыхыбызда эч качан чек ара болгон эмес. Ачык-айкын бир туугандай болуп жашап келгенбиз. Ошон үчүн бул келечекке болгон чоң кадам деп ойлойм. 

Экинчиден, сөзсүз түрдө биз Европадан, Америкадан  же башка  мамлекеттерден инвестор издебей, жаныбыздагы коңшу  мамлекеттер менен биргеликте, биз аларга, алар бизге инвестор болуп, чогуу экономикалык жактан иш чараларды алып барсак,  көбүрөөк пайдасын алып келет деп ишенем.  Ошон үчүн элдин күткөнү жакшылык. Мындан жакшы жашаганга да, жакшы жыйынтык да болот.

Булак: Абал.kg