Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 346

С.Четинбаев: Көп маселе өлкөлөрдүн жетекчилеринин биргеликте кабыл алган чечимдеринин натыйжасында чечилет.

- Эртең, 2-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтүү алдында турат. Бул саммиттен сиз эмнени күтүп жатасыз, кандай маселелер чечилет деп үмүт артууга болот? 

- Кандай болгон күндө дагы коңшу мамлекеттер, Европа биримдиги менен кызматташуубуз заман талабы. Учурда Казакстан, Кытай, Өзбекстан менен чек арабыз такталып, Тажикстан менен аягына чыкпай турат. Аны да чечүү аракети өлкө башчысы тарабынан тынбай болуп атат. Ал үчүн өлкө жетекчилиги Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусу керек. Ар бир жолугушууда бул маселеде кадамдап болсо да алдыга жылуу байкалууда, толук кандуу чечиле турган күн да алыс эмес. 

Айрымдар саммиттерден жыйынтык жок дегендей пикирлерин айтышат. Жок эмес, бар. Көп маселе өлкөлөрдүн жетекчилеринин биргеликте кабыл алган чечимдеринин натыйжасында чечилет. 

Бир жагдайды белгилей кетейин, учурда Өзбекстан менен чек арабыз такталды. Ага чейин бул өлкө менен дагы такталбаган аймактардын бардыгынын айынан маал маалы менен чыр-чатак чыгып, билинбеген менен бир жылда ошондой чыр –чатактардын айынан эле 7-8 жоокерибизди жоготчубуз. Мындан ары эки өлкө ортосунда тынчтык орун алаарына ишеним чоң. Тажикстан менен болгон талашка дагы ушундай жол менен чекит коюшубуз керек. Чек араны такташууда бир тарап эч убакта жүз пайыз утпайт же жүз пайыз утулбайт. Кайсы бир жерден өзүнө пайда алат, кайсы бир жерден коңшу өлкөнүн пайдасына жол бошотууга туура келет. Ага көнүшүбүз керек, мыйзам ченемдүү көрнүш бул. Эң башкысы өлкө жетекчилеринин саммиттерде, ар кандай иш чараларда жолугушуусу маселени өлүү чекитинен жылдырып, чечилүүчү күнгө кадамдап болсо дагы жакындата берет. Биздин азыр күткөнүбүз ушул.