Б.Бакетаев: Кытай мамлекети катышкан долбоорлор аягына чыгарылбай койбойт.
- Бакыт мырза, Сианда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча меморандумга үч тараптуу кол коюлду. Бирок, меморандум макулдашуу же келишим эмес, жакшы ниет гана. Ал долбоор азырынча деталдаштырылып, аны аткарууга кай тараптын канчадан каражат кошору да аныктала элек. Бул долбоор качан ишке ашырылат деп ойлойсуз?
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун Кытайдын Инексим Банкы оңой эле каржылап коёт. Мында үчүнчү күчтөр тарабынан оюндар болуп жаткан болушу мүмкүн. Бирок темир жол буюрса, курулат, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан куруларына ишенсек болот. Бул жол бизге абдан керек. Кыргызстандын экономикасынын кан тамыры болчу, бюджет толтуруучу, алыскы рынокко чыгаруучу, экспорттук потенциалды көтөрүүчү долбоор. Менин оюмча, аз убакыттан кийин каржылоо жагы чечилип, андан соң көпкө узабай эле курулуш иштери башталат. А башталган соң аягына чыгарылат. Кытай мамлекети катышкан долбоорлор аягына чыгарылбай койбойт.
- Кытайдагы саммитке удаалаш Жапониянын Хиросима шаарында чоң жетиликтин да саммити болду. Андайды Батыштагы негизги өлкөлөрдүн жетекчилери жылда 2-3 жолудан өткөрүп турушат. Бирок, бул ирет эки саммиттин бир убакта өтүшү эки спорттук клубдун атаандаштыгындай көрүнүш эмеспи?
- Борбордук Азиянын Ай бийлери 20-кылымдын 90-жылдарында Хантингтон адамзатка цивилизациялардын жакындап келе жаткан кагылышуусу жөнүндө эскертсе, анын алдында Гегель «Каршылыктардын биримдиги жана күрөшү» деген философиялык платформаны аныктаса, алардын алдында Аристотель достук менен чындыктын дуализмин аныктаган.
Учурда болуп жаткан геосаясат курчуп кеткен процесстер муну тастыктап турат. 2023-жылдын 17-21-майында болуп өткөн жети мамлекеттин Сиань саммити (жети деп жаңылган жокмун, анткени Орусиянын вербалдык эмес катышуусун эч ким тана албайт) жана Хиросимада өткөн «Чоң жети мамлекеттердин (G7) 49-саммити акыры дүйнөнү экиге бөлдү.
Бул жерде коркунучтуу жана катастрофалык эч нерсе жок, анткени бул адамзат цивилизациясынын эң табигый абалы, анын символу Инянь системасы болушу мүмкүн. Эң негизгиси дүрбөлөңгө түшпөө жана бул бөлүнүүнү адамзат цивилизациясынын өзөктүк аягы менен аякташы мүмкүн болгон ысык фазага жеткирбөө.
Айдын экинчи тарабы Жерден көрүнбөйт, бирок ал дагы эле айланып турат, ошондуктан Борбордук Азиянын Ай бийлери күчөгөн геосаясий кумарларды басаңдатууга жардам берет.
- Батыш кош маанидеги товарларды Россияга реэкспорт кылганы үчүн Кыргызстандын алгачкы компаниясына санкция киргизди. Мындан ары бул окуя кандай өнүгөт деп ойлойсуз? Россия биздей шериктештеринен сөзсүз реэкспортту талап кылат, анткени башкаларын айтпай эле коёлу, тиричиликтик товарлардын көп түрлөрү да санкциялык тизмеде. Алардын ичинде бизде өндүрүлгөндөр да бар. Мындай абалда Кыргызстан эмне кылышы керек деп ойлойсуз?
- Орто Азияга Россияга экспортту токтотуу үчүн Батыштан бажычылары келип, чек арага туруп, ар бир чыккан жүктөргө, товарларга көзөмөл кылышы керек. Ансыз реэкспортту токтотууга эч качан мүмкүн эмес. Эгерде андай болбой, Батыш биринин артынан экинчи санкциясын киргизе берсе, анда бул бизге эле эмес, Батыш өлкөлөрүнө деле кыйын болуп калат. Аны Батыш деле билет. Ошондуктан Кыргызстан Батыштын санкцияларына туташ кептелип, кыйналып калабыз деп чочулаштын кажети жок.
- Россия өткөн жылы 24-февралда Украинадагы чектелген аскердик операциясын баштаганда дүйнөдөгү эксперттер ашып кетсе эки жумада же бир айда ага чекит коюлат, Россия максатына жетет дешкен. Биз да ошентип ойлогонбуз. Анткени, баардыгы Россиянын мурдагы Союздан кем эмес аскердик күчү бар деп эсептешкен. Атүгүл АКШнын президенти Джо Байден украиндерди партизандык согушка даярданууга чакырган. Андай болжолдордун аткарылбай калганына Россиянын аскердик жетекчилеринин катачылыктары себеп болдубу же башка себептери да барбы?
- Путиндин: «аюу өзүнүн токоюн эч кимге бербейт» деп айтканы бар. Бул Россияны курал-жарак менен басып алуу өтө кыйын дегендикти билдирет. Анткени, Россиянын дарамети али көп. Өз жерлерин бербей, эч кимди бастырбай, сактап калганга күчү жетет. Анын үстүнө өзөктүк куралы да бар. Ошон үчүн бир столго отуруп, сүйлөшүп, тынчтык жолго келишпесе, анда кырдаал жумшарбайт.
Россия-Украина согушунда Россиянын аскердик жетекчиликтеринин катачылыктары жок. Менимче, дипломаттар тарабынан кемчиликтер, алешемдиктер кетип атат. Эгерде дипломаттар өз иштерин так аткарышса, согуш 1-2 айда эле бүтмөк. Керек болсо дипломаттар согушка жеткирбей тирешкен тараптарды токтотуп коё алышмак. Бирок катачылыктарга жол берип коюшту.
- Россиянын Украинадагы чектелген операциясы туюкка такалды. Эки тарап бири-бирине ультиматумдук талаптарды гана коюшууда. НАТО болсо убакыт өткөн сайын Украинага курал-жарактык жардамдарынын номенклатурасын кеңейтүүдө. Мындай көрүнүш улана берсе, бир журналист жазгандай, эки өлкөнүн кагылышуусу экинчи дүйнөлүк согуштан да узакка созулуп кетпейби?
Россия менен Украинанын ортосундагы кагылыш Израиль менен Палестинадай түбөлүккө калат окшоп калды. Себеби, антип ойлогонго негиз бар, ошондой болорун көрсөткөн тажрыйба, тарых бар. Дагы деле кеч эмес, Батыш, Чыгыштын лидерлери жолугушуп, бир үстөл үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чечкенге мүмкүнчүлүк бар. Жок дегенде убактылуу болсо да токтотууга барыш керек. Болбосо, маркум В. Жириновский айткандай болуп, узакка созулуп, аягы көрүнбөй калышы толук ыктымал.
- Мындан эки айдай мурда БУУнун Башкы катчысы Гутерриш “дүйнө акырындап үчүнчү дүйнөлүк согушка жылмышып түшүп баратат” деген. Бир жагында НАТО, аны колдогон ондогон өлкөлөр, экинчи жагында Россия өзү жалгыз турса, кайдан дүйнөлүк согуш коркунучу болот? Бул маселе боюнча оюңуз кандай?
- Гутерриш «дүйнө акырындап үчүнчү дүйнөлүк согушка жылмышып баратат» деп өтө жумшартып айтты. Мен В. Жириновскийге ишенип калдым. Ал: «Эгерде Батыш Украинаны курал-жарактар менен камсыз кылуусун токтотпосо, анда Россия айласы кеткенде өзөктүк бомбаларды таштоого аргасыз болот» деп айткан. Ошон үчүн ийри отуруп, түз кеңешип, кандайдыр мунасага келип, бир стандартты кабыл алыш керек. Андай болбосо, В. Жириновскийдин сөзү дагы бир жолу ишке ашып, ырасталып, анын көрөгөчтүгүнө таң калган учур келет.
- Аз күндөн кийин Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Эки талапкердин кимиси жеңет деп ойлойсуз? Ал түрк өлкөлөрүн интеграциялоого кандай таасирин тийгизет?
- Түркиядагы шайлоолор ички процесс эмес, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кагылышуунун кийинки чекити болуп калды. Батыштын бардык белгилүү маалымат каражаттары оппозиция лидери Кемал Кылычдароглун ачык колдошту. Батыш мамлекеттеринин жогорку даражалуу чиновниктери Режеп Тайып Эрдогандын саясатын сындап, ал утулуп калат деген үмүтүн билдиришти. Эрдогандын экинчи айлампада жеңиши айкын болду, анткени Парламенттик шайлоодо Эрдогандын партиясы Милли Межлисте добуштардын жарымынан көбүн алып, жеңишке жетти. Парламентте көпчүлүктү камсыздап, эми президенттик жарышта оңой эле жеңишке жетишет.
Мекенчил шайлоочу туруктуулук үчүн добуш берет, анткени парламенттеги көпчүлүк Эрдогандын партиясында, оппозиция лидери мамлекет башчы болуп калса кырдаал курчуп саясий кризисе алып келиши ыктымал.
Режеп Тайып Эрдогандын агитациясы дүйнөлүк лидерлердин бирине айлана турган кубаттуу мамлекетти курууга негизделген. Ал эми Кемал Кылычдароглунун агитациясы ата мекендик экономиканы жакшыртууга багытталган. Өлкө жарандарынын жарымы күчтүү мамлекет, дүйнөлүк саясий аренада татыктуу оюнчу үчүн добуш беришти.
Булак: “Майдан.kg” гезити