Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 320

А.Акматалиев: Экономикабыз Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен бир силкинип, кененирээк кадам шилтеп калды!

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Кумтөрдү мамлекетке алуу маселеси коюлганда ага оптимисттик жана пессимисттик көз караш менен карагандарды талдады. 

- 1. Кумтөрдү алабыз өзүбүзгө! (Колубуздан келбейт, ал жерде бүт батыш, Канаданын өкмөтү турат. Алар бизди эки чайнап, бир эле жутуп коюшат.)

 2. Центерра менен соттошуп, утабыз! (Кайдагы эл аралык сот! Бизде эл аралык соттор боюнча бир да алгылыктуу адисибиз жок.) 

3. Кумтөрдү алсак, өзүбүз эле иштетебиз! (Алган күнү да өзүбүз иштете албайбыз! Ал жерде өтө татаал өндүрүш.)

4. Центерра эл аралык сотторго бербейт, тынчтык келишим менен эле Кумтөр Кыргызстанга өтөт! (Сопсонун эле берет, ал жактан утат. Керек болсо алар Кумтөрдү зордоп алып атасыңар деп, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын бүт мүлкүн, анын ичинде элчиликтердин имараттарын да алып коет.)

 5. Кумтөрдүн алтынын өзүбүз сатабыз, бюджет толот! (Бизди баскынчы жол менен Кумтөрдү тартып алды деп, алтыныбызды эч жакка саталбайбыз!)

6. Кумтөрдүн кен өндүрүшүн өзүбүз эле алып кетебиз!  Кайдагы өндүрүш! Тоо кен тармагында бир да тыңгылыктуу инженерибиз жок. Баары дипломдорун сатып алгандар.)

7. Экологиялык стандарттар сакталат! (Кайдагы стандарттар! Кыкеңдер цианидди бир күнү жайып салышат да, баягыдан да жаман болот...)

8. Алтынды өзүбүз чыгарып, өзүбүз сактайбыз! (Чыгарган күнү да алтынды чоңдор уурдап кетет! Буга чейин уурдалып келген, эми тем более тонналап уурдалат да...)

9. Чыккан алтын Улуттук Банкта турат! Бир граммына чейин эсептелген. ( Калп мунун баары. Өндүрүлгөн алтын эбак эле уурдалган. Калп эле кагаз жүзүндө урдуруп коюшат алтын бар деп...)

10. Алтын бар экенине күмөн санаган депутаттар комиссия менен барып, санап көрүшсүн... (Андай комиссияны бийлик өзүлөрү түзүп коет, корутундусу мурунтан жазылат... Биз мындай жалган комиссияга катыша албайбыз, ишенбейбиз...)

Кумтөрдүн " эпопеясын" кыска ушул 10 пунктка батырса болот экен! Албетте, майда интригаларды, саясий популизмдерди, курулай көралбастыктын баарын кошсок, бул пунктар алда канча көп болот! Кыскасын айтканда Кумтөрдү алганыбыз, Кумтөр Кыргыз элине иштей баштаганы - бул чоң жеңиштердин башаты болгон экен... Экономикабыз Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен бир силкинип, кененирээк кадам шилтеп калды! Бийликке ишеним пайда болду. Көптөгөн социалдык обьектерди куруп баштоого, армиябызды колдоого, маяна-пенсияларды көтөрүүгө экономикалык мүмкүнчүлүк түзүлдү...