Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 431

Ш.Бөрүкулов: Бул мамлекеттик кызмат, аткара турган милдети. 

- Бийлик башында тургандарга каршы кара пиар жүрүп жатат. Айрыкча, ажобуз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ынтымагын бузууга багытталган ар кандай ушактар көбөйдү. Мунун артында кимдер турушу мүмкүн, атайын жалган маалымат таратуу менен эмне максатты көздөп жатышат?

- Эки дос өздөрүнүн аткарып жаткан ишинде: айрым маселелер боюнча өз ара байланышып, чечим чыгарып жатышат. Бирок, таза эле жетелешип алганы да туура эмес. 

Тескерисинче булардын ишинде карама каршылыктар, талаш-тартыштар көп кездешип турушу мүмкүн, андайдан кудай сактасын го. 

Ташиевдин аткарган жумушу- өзүнө күн сайын душмандарды арттырып, отуз жылдан бери жылоолоп болбой турган деңгээлде, иттин уругундай балалап кеткен жемкорлордун, уурулардын, криминал бандиттердин тамырын кыркуу. 
Жемкорлор дегенде мүмкүн: президенттин аппаратынын, өкмөттүн куйруктары, прокуратуранын, аким, айыл өкмөттөрдүн адамдары болушу мүмкүн да. Ошон үчүн сырттан караганда Ташиев баары менен мамиле кыла албай жаткандай көрүнүп жатса керек.

Бул мамлекеттик кызмат, аткара турган милдети. 

Ал үчүн Ташиевге жатып-туруп батабызды берип, кудайдан анын ден соолугун тилеп жатабыз. 

Андан калса эки достун душмандары толуп жатпайбы. Мына ошолор булардын ортосуна жарака кетирүү үчүн жөн жатышпайт да. Түрдүү амалдарды жасап турушат. Жалаң ыплас ишке машыккан андайлар да көп. 

Мисалы, мына, биздин ыйлап-сыктаганыбызга карабай Атамбаев деген денесинде кылмыштын мөөрү басылбаган соо жери жок кылмышкерди чыгарып салышты. Азыркы бийликтин чоң жаңылыштыгы болду. 
Атамбаевдин азабын али көп тартышат. 

Ал эми кызматтан тышкаркы достук мамилелери жакшы эле болсо керек. Кез-кезде бирге футбол тебишип, ат минишип, табийгатка  чыгып сүрөттөргө түшүп жатышпайбы.  Бул жакшы көрүнүш. Менимче эки достун акыл-эси жайында эле болуш керек. Эгер эле экөөнүн ортосунан кара мышык өтүп мамилелери бузулса, элди эки лагерге бөлүп коюшары турган сөз экенин түшүнүшсө керек.

Азыр билбейм, бирок, буларды шайлаганда 80 пайыз эл добуш беришкен. Ошолорду ойлоп болсо да өздөрүнүн ич ара достугун чыңдап алуулары керек. 

Акырында дагы бир айтып коюучу нерсе, Акаевди аппак кылышып, Атамбаевди коюп жиберишип, ал эми Бакиевге карата кылган мамилелери туура болбой калды. Себеби, өздөрү: “Эл бөлүнбөсүн деп, экс-президенттерди Дубайга топтодук”-дешти эле. Элдин ынтымагын Акаев менен Атамбаевге эле байлап коюптурбу?