Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 833

Т.Бакир уулу: Өзүнүн жамаатына адилеттүү болбогон Акыйкатчы кантип ага кайрылган жарандарга адилеттүү мамиле жасайт?!

- Турсунбай агай, Кыргыстандын тунгуч Акыйкатчысы болуп иштедиңиз. Акыйкатчы институтунун түптөлүшүнө чоң салым коштуңуз. Бул институт жүрөгүңүзгө жакын болсо керек. Азыркы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгү  боюнча кандай пикирдесиз? Ал Акыйкатчынын милдетин аткара алдыбы?

- Бул айым ээрге олтурганда эле кыйшык олтурган. Тунгуч Акыйкатчы жана “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамдын автору катары депутаттарды жана коомчулукту далай жолу “НПОдон эч качан Акыйкатчыны (Омбудсменди) дайындабагыла!” деп эскерткенмин. 

- Эмнеге?

- Себеби жөнөкөй эле. Биринчиден, чет өлкөдөн каржыланып, алардын буйрутмасын мекенчилдиктен жогору коюп иштеп жана жашап жүргөн НПОчу эч качан патриот боло албайт жана бюджеттен түшкөн тартыш акчага, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына Акыйкатчы болуп иштей албайт. 

Экинчиден болсо, Акыйкатчынын жумушу НПО же БШКдай пиар жасай турган жумуш эмес. Акыйкатчы өзүнүн жеке жашоосун кийинки, акыркы орунга коюп, 1-орунга ага кайрылып жаткан элдин көйгөйүн коюшу керек!
А азыркы Акыйкатчы айым болсо соцжелелердин жылдызы болуп турууга жан талашып аракет жасоодо. Акыйкатчы виртуалдуу дүйнө менен жашабай жана иштебей, реалдуу, чыныгы жашоодо жашашы жана иштеши абзел.

Үчүнчүдөн, колунда иштеп жаткан кызматкерлердин укуктарын Акыйкатчы тебелеп жатса, өз укугун коргой албаган кызматкерлер кантип аларга “укугумду коргоп бер” деп кайрылган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоп бере алат? Бул акылга сыйбаган нерсе, нонсенс! Өзүнүн жамаатына адилеттүү карай албаган Акыйкатчы кантип ага даттануу менен кайрылган жарандарга адилеттүү мамиле жасай алат?!

Мыйзам боюнча депутаттар Акыйкатчынын жылдык баяндамасына терс баа коюшса, анда ал Акыйкатчы кызматынан кетет. Кыргызстанда Акыйкатчынын ишине президент менен премьер-министр кийлигише алышпайт. Митинг-питинг да иштей албаган Акыйкатчыны кызмат ордуна кайтарып бере албайт.

Башка сөз менен айтканда, парламент Акыйкатчынын баяндамасын жактырбагандан кийин, аны жумуштан четтетет жана бир айдын ичинде жаңы Акыйкатчыны дайындашы керек.