Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 98

Бишкек, "Саясат.kg". Өзбекстан биздин коңшубуз, биз башка жакка көчүп кете албайбыз.

Акыркы 20 жылда солгундаган Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшы жагына өзгөрө алды. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Темирбек Нурматов билдирди. 

"Борбор Азия регионунда эле эмес, дүйнө жүзүндө учурда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Азыркы заман - өткөөл заман. Ага карабай, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Буга чейин топтолгон маселелер чечилди. Чек ара чечилип, чекит коюлду.

Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташуунун жакшы көрүнүштөрүнө күбө болуудабыз. Анын баары сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болуп жатканы кубандырат. Мисалы, учурда эки өлкө ортосундагы чек аралар ачылып, калк бири бирине кенен кесири каттап калышты. Мурда мындай эмес болчу, виза ачтырып, атайын чакыруу менен барып калган да убактан өттүк. Чек ара образдуу айтканда чымчык учуп өтө албай тургандай зым менен тосулуп калган. Биз ошондой көйгөйдөн өткөнбүз.

Биздин президент Садыр Жапаров менен өзбек президенти Шавкат Мирзиеев саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, эки тараптын тең кызыкчылыгын коргоо менен келишимге барып, чек ара маселесин тынтык жолу менен чечишти. Муну коомчулук туура түшүнүшү керек: эл аралык мамиледе эки тарап компромисске барбаса, бири бирине карай кадам таштабаса болбойт. Өзбекстан биздин коңшубуз, биз башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан, ушул түшүнүктүн тегерегинде алака жүргүзүү керек. Өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактагы элибиздин жашоо-турмушу коңшу өлкө менен байланышта болуп жатпайбы. Ал жакта тууган-уруктары бар дегендей, соода иштери болот. Чек ара маселесине чекит коюлса, аймактардагы жарандардын жашоо турмушунун жакшырышына салым кошот, анткени, аларга тынчтык, жылуу алака-катыш керек. Чек ара такталды, иретке келди, эми аны бекемдеп алсак эле, коңшу өлкө менен кызматташтыгыбыз арта берет", - деди серепчи.