Бишкек, "Саясат.kg". Бул күрөш бир гана Жапаров менен Ташиевдин милдети эмес, жалпы элдин милдети болушу керек.

Илимпоз Азамат Кенжебаев менен маек.

- Ар бир жылды узаткандан кийин ошол жылда бийлик тарабынан жасалган иштерге баа берүү адатка айланган эмеспи. Сиз бийлик 2022-жылы кандай иштеди деп ойлойсуз? Мурдагы бийликтерге салыштырмалуу эмнелерди жакшы алып кетүүдө жана кандай кемчиликтерге жол берди?

- Бийликтин 2022-жылдагы жалпы жасаган иштерине оң баа берем. Анткени, өткөн жыл бир гана бизге эмес, бүткүл дүйнө үчүн оор болду. Пандемиядан кийин дүйнөлүк экономика артка кетти. Жада калса дүйнөнүн биринчи экономикасы делген Американын экономикалык көрсөткүчүндөгү инфляция 11 пайызга чейин жетти. Европанын эң мыкты өлкөлөрүндөгү инфляция дагы андан кем калган жок. Айрыкча, Прибалтика өлкөлөрүндө. Европанын, Евробиримдиктин флагманы болгон Германияда дагы инфляция 9-10 пайызды түздү. Экинчи жагынан Россия-Украина конфликти дагы биздин өлкөгө чоң таасирин берди. Россияга киргизилген он миңден ашуун санкциялардын кесепетин бул өлкөнүн союздашы катары биз да тарттык. Ага карабай, мамлекетибиз экономикадагы тең салмактуулугун сактап калды десек болот.

Садыр Жапаров баштаган учурдагы бийлик келгенден баштап бюджетибиз эки эсе өстү. Бул абдан чоң көрсөткүч. Алтын кору болуп көрбөгөндөй эң бийик деңгээлге жетти. Экономиканы либералдаштыруу саясаты жүрдү. Коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүүдө. Күн сайын кайсы бир мурдагы – учурдагы чиновниктердин, укук коргоо кызматкерлеринин кармалганынан кабардар болуудабыз.

Буга чейинки алынган тышкы карызды төлөө Садыр Жапаровдун бешенесине туш келген экен, 5 миллиард доллардан ашуун карызыбызды төлөөдөгү эң чоң көрсөткүч 2023-2028-жылдарга туура келет. Өткөн жылы анын 33 миллиард 600 миллион сомдон ашуунун төлөдүк. Чындыгында мындай иш эгемендүүлүк тарыхыбызда болуп көргөн эмес. 33 миллиард сом деген мисалы, 230 орундуу мектепти курууга 100 миллиард сом жумшалат деп эсептесек, анда биз 330 мектептин акчасын карызга бердик. Бул бюджет үчүн абдан чоң күч. Көлөмдүү тышкы карызыбыз болбогондо, ошол каражат мектеп, бала бакча, социалдык имараттарды курууга, өлкө жашоосуна өзгөртүү жасоого жумшалмак. Бирок мезгилдин кыйынчылыгына карабай, экономикабыздын туруктуу болуп жатканы – мамлекетибиздин бекемдигинен кабар берет.

- Армияны чыңдоонун колго алынышы боюнча пикириңиз кандай? Курал-жарактардын сатылып алынышына кооптонуу менен карагандар да жок эмес.

- 2022-жылы 63 миллиард сомдон ашуун каражат куралдуу күчтөрдү жакшыртууга жумшалганы айтылды. Билгенге учурдагы бийлик сыймык болушу керек. Себеби, буга чейин Кыргызстандын армиясы негизги өнөктөшү болгон Россиянын колдонуудан чыгарылган курал-жарактарын алып келген. Кийим – кечектер дагы Түркия, Америка, Россиядан гуманитардык жардам иретинде келип турчу. Өткөн жылдан тартып биринчи жолу өзүбүздүн акчабызга жүздөгөн брондолгон машиналарды, заманбап курал-жарактарды алууга жетиштик. Дрон камикадзелерин дагы сатып алдык. Ага көп акча жумшалды, бирок мамлекетибиздин куралдуу күчтөрүнүн чыңалуусу душмандардын бизге карата кара ниет ойлорун алсыратууга жардам берет. Андан тышкары, ӨКМга көптөгөн техникалар, тик учактан баштап, өрт өчүрүүчү жаңы машиналар алынды. Мунун баары мамлекетибиздин кубаттуулугу үчүн зарыл нерселер. Дүйнөлүк коомчулук глобалдуу алсызданууга дуушар болуп жаткан маалда мамлекетибизди океандын штормуна чайпалтпай кармап келатканы – азыркы бийликтин жетишкендиги.

- Бюджет эки эсе өстү деп айттыңыз. Бирок ошол эле маалда коомчулукта айлык акылардын, пенсия, пособиелердин көбөйгөнүн чет өлкөдөн алынган кредит, гранттарга байлагандар болууда. Мындай пикирлердин негизи барбы?

- Бюджеттин өсүшүн сырттан алынган насыяга байлаган туура эмес. Бардык экономикалык көрсөткүчтөр статистикалык маалыматтар аркылуу берилүүдө. Мисалы, Кумтөрдү эле ала турган болсок, мамлекетке өткөндөн кийин 46 миллиард сом  пайдасын берди.  Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун доорун карасак, Кумтөр бир жылда бардык төлөмдөрдү бириктиргенде 5 миллиард 300-400 миллион сом гана берип турган. Анткени, баары коррупцияланышып, канадалык компаниянын бергенинин көбү президенттердин, саясатчылардын, саясий элитанын чөнтөгүнө кетчү. Алтын кенинин чыныгы пайдасы канчалык болоорун 2022-жылы гана биле алдык. Ушундан эле 30 жыл коррупцияланышкан мамлекетте жашаганыбызды билсек болот. Андан тышкары, өлкөдөгү коррупциялык элементтерди жок кылуу саясаты абдан күчөшүнүн шарапатынан УКМК бюджетти толтуруу процессин жолго жакшы койду.

Ал эми карыз маселесине келсек, дүйнөдө карызы жок өлкө жок. Эң биринчи өлкө болгон Американын дагы тышкы карызы 30 триллион доллардан ашты. Америка Кытайдын өзүнө эле 2 триллион долларга жакын карыз. Мамлекеттердин бири биринен карыз алып, карыз бергени нормалдуу көрүнүш. Эң негизгиси, ошол кредит максаттуу пайдаланышы керек. Буга чейин болуп келгендей ар кайсы чөнтөктөргө кирип кетпесе эле болгону. Буга чейин канча деген кредиттер алынып, бирок натыйжалуу иштетилген эмес.

 Айлык, пенсия ж.б. төлөмдөрдү көбөйтүүдө алгач экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлөт. Грант менен бир-эки жыл көбөйтүүгө мүмкүн. Бир көбөйткөндөн кийин кайра артка кайтара албайсың да. Ошондуктан, бул сөз чындыкка дал келбейт. Аны айткандар саясий популизмди кармангандар. Маяналар көбөйгөндө дагы бардык тармактарда эселеп көбөйтүлдү. Чындыгында, мындай көрүнүш 30 жылда болгон эмес. Өкүнүчтүүсү, инфляция да жогорулады, аны моюнга алыш керек. Бирок бул бир гана бизде эмес, бүткүл дүйнө туш болгон кыйынчылык. Биз дүйнөнүн бир бөлүгү, глобалдуу экономиканын бир мүчөсү болгон соң анын таасиринен кача албайбыз. Анткен менен Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясаты өлкөнү глобалдык олку-солкулардан татыктуу чыгарып баратат.

 - Коррупцияга каршы күрөш тууралуу кеп козгодуңуз, бул күрөш өз максатына канчалык деңгээлде жетип жатат? Сиз айткандай, дээрлик күн сайын коррупцияга аралашкандар кармалганы жөнүндө кабар жарыяланат. Бул жагынан кармалса, тигил жагынан коррупциялык схема түзүп жатышканы өлкөнүн жемкорлукка белчесинен батып калганын билдиреби же күрөшүн натыйжалуу болбой жатканынбы? Деги эле коррупцияны толугу менен жоюу мүмкүнбү?

- Коррупцияга каршы күрөш Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин бийликке келиши менен алардын саясий эркинин күчтүүлүгү себеп болуп катуу башталды. Мурдагы чиновниктерди кармоо, уурдап алган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу процесси жүрүп жатат. Камчыбек Ташиев жетектеген УКМК коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 8 миллиард 300 миллион сом төктү. Ушул убакка чейинки президенттердин баары биригип коррупцияга каршы күрөштөн болгону 2 миллиард сом боюджетке кайтарган. Демек, ушундан эле азыркы күрөштүн деңгээлин, натыйжалуулугун билсек болот. Андан тышкары Башкы прокуратура, ИИМ, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан дагы иштер жүргүзүлүп, бюджеттен кайып кеткен канча деген каражаттар мамлекетке берилди. Дагы бир нерсе – Кыргызстанды мүлжүп жеген бир нече мурдагы премьер-министрлер кармалды. Сатыбалдиев, Жумалиев, Бабанов, Абылгазиев ж.б. Баары уурдагандарын мамлекетке кайтарып, анан чыгышты. Белгилеп коюш керек, Акаевдин мезгилинен тартып мамлекетте коррупция легалдаштырылган деңгээлге жетип калган. Өлкөбүздүн тулку бою гана эмес, ар бир органы, ар бир клеткасына чейин жемкорлук толгон доорду башыбыздан өткөрдүк. Мамлекеттик кызматтардын, жарандардын ар бир аракети, ар бир кыймылы коррупция аркылуу гана болуп калган. Ошондуктан, күрөш оор жүрүп жатат. 30 жыл өнөкөткө айланган нерседен кыска убакытта кутула коюу мүмкүн эмес. Аң сезим ошого калыптанып калган. Анын үстүнө бизде коррупционерби, башкабы, жердешчилик, тууганчылыкка ыктап, кубаттоо, коргоо процесстери сиңген. Мисалы, бир канча ай мурда “Гаваи” эс алуу жайынын, ошол эле убакта “Үмүт и Ко” компаниясынын башчысы кармалды. Ал кишиден 800 миллион сомдон ашуун акча, согуштук жана 7,62 калибрлүү автоунаа, дагы толгон-токой курал-жарак, гранаталар табылды. Ошондо дагы ошол кишини коргоо аракеттери катуу жүрдү. “Бийлик бизнеске бут тосуп жатат, ушинтип баарын камай берсе, бизнес кантип өнүгөт”, - деп кыйкыргандар табылды. Ал турмак коррупционерди колдоп масштабдуу митингдерге чыгышты. Буга чейин да ар бир кармалган коррупционерди ушинтип акташкан, коргошкон. Анан кантип коррупция жеңилет дагы, өнүккөн Кыргызстан кура алабыз?

 Бул күрөш бир гана Жапаров менен Ташиевдин милдети эмес, жалпы элдин милдети болушу керек. Мында ысымдар, наамдар, эмгектер роль ойнобошу кажет. Мисалы, экономикасы боюнча дүйнөдө 3-орунда турган Түштүк Кореяда эң көп салык төлөгөн компания – “Самсунг”. Ошол компаниянын жетекчисин 40 миң доллар пара бергени үчүн камап салышты. Бирок бир дагы кореец ошол жетекчини коргоп чыкпады. Болбосо, бул компания дүйнөдөгү алдыңкы компания, тиричилик буюмдары, уюлдук телефондорду гана эмес, дүйнө жүзүн сапаттуу кемелер менен камсыздап келет. 350 миңден ашуун кызматкер иштейт. Ошолор “ушунча адамды жумуш менен камсыз кылган, эмгеги сиңген адам, бошоткула!” – деп чыгышса жарашпайбы? Анткени, аларда түшүнүк ушундай – кандай кызматты ээлебесин, кандай эмгек өтөбөсүн – коррупцияга бардыбы, демек, мамлекеттин өнүгүшүнө каршы. Ушундай түшүнүктөгү калкы бар өлкөлөр өнүгөт, ал эми коррупционерлерди колдогондор эч убакта жарыбайт жана өнүкпөйт.

 - Ушул жерден бир суроо – коррупцияга каршы күрөш тегиз болуп жатабы, тандалма эмеспи? Тааныш-билиштик же башка жагдайларга байланыштуу кайсы бир коррупционердин кармалбай же жоопкерчиликтен бошонуп кеткен учурун байкай алдыңызбы?

- Азыркы бийик өкүлдөрүнүн өздөрүнө жакын адамдарын дагы коррупцияга аралашканы үчүн камакка алып жатканы – жемкорлук менен күрөшүүдөгү аракети жана каалоолору чоң экенин көрсөтүп турат. Мисалы, Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы акча талап кылуу боюнча камакка алынганына күбө болдук. Же болбосо Тенгиз Бөлтүрүктү алалы, Садыр Жапаровдун жердеши, жакын санаалашы болчу. Кумтөрдү мамлекетке кайтарууда дагы чоң роль ойногон. Мындан улам ага ишенип, Кумтөрдү башкартты. Бирок жасаган иштеринен коррупциялык элемент байкалаары менен камакка алынды. Жеке менин оюмча, коррупционерлерди өтө катаал жазалаш керек. Мен ошондой тартиптин тарапташымын. Мамлекет алкымынан коррупцияга батты. Керек болсо мурда- кийин иштеген аткаминерлердин бирин калтырбай сотсуз, сураксыз эле камоого болот. Бирок учурдагы бюджеттин акыбалын эске алып, жегендерин кайтаруу менен эркиндикке чыгарууну тандашты. Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили дагы бийликке келээри менен мамлекеттин байлыгын тоногондорду камоодон баштаган. Менимче, биздин бийлик Грузиянын тажрыйбасынан алып жатат. Анткен менен алганын төлөтүү жетишсиз. Эң биринчи кезекте, коомго коррупционерлерди жек көрүү атмосферасын калыптандыруу керек. Коррупция сенин, өлкөнүн келечегине, жалпы улуттун тагдырына терс таасирин тийгизээрин ар бир жарандын аң сезимине жеткирчү идеологиялык иштер жакшы жүрө элек. Жогорку Кеңеш аркылуу бир канча мыйзамдар кабыл алынды, мисалы, контрабанда менен алектенгендер кармалса товары менен чогуу автоунаасын да алуу, уурдаган акчаны кайтарууда үстүнө 100 эсе кошуп эсептөө ж.б. Бирок коомчулук коррупционерлерди өзүнөн түрткөндү үйрөнбөсө, мунун аягына чыгуу кыйын. Улуу империялардын кулашына эки гана себеп болгон, биринчиси, коррупция, экинчиси элдин нравалык жактан бузулушу. Ошондуктан, мында абдан катаал саясат зарыл.

- Коомчулуктан коррупционерлерге карата кандай мамиле керек деп ойлойсуз? Коргоо, колдоону токтотуу...  дагы эмне..?

- Аларды эң төмөнкү кастадагы адамдарга айлантыш керек. Коррупцияны ар бир адамдын, элдин, мамлекеттүүлүктүн душманы катары кабыл алуу зарыл. А бизде кандай болуп жатат? Өзүм көргөн нерсени айтайын, мамлекетти тоногонун моюндап, бюджетке 2 миллиард сом төлөп берген Раимбек Матраимов менен муфтий бир катарда туруп, мечиттин лентасын кесишти. Муфтий деген ыйманы эң бийик, акыл-эси тунук, Кудайды даңазалоочу, Кудайдын өкүмүн жерде жүргүзүүчү адам эмеспи. Ал адамдарды уурулук сыяктуу жаман иштерге каршы үндөшү керек да. А өзү башкы ууру менен чогуу лента кесип жатат.

Той-ашта, куран окуткан жерлерде көрүп калам, кайда барба, жеп-ичкичтер эң кымбат автоунааларда келишет, төрдө отурушат, биринчи сөз аларга берилет, эң чоң жилик алардыкы, дагы деле сыйдын үстүндө. Өз эмгеги менен эртеден кечкери белин бекчейтип иштеген карапайым адамдар эң төмөн жактан орун алат. Коррупционерлерди сыйлап чалчаңдатпай, эл арасында басып жүрө, баш көтөрүп сүйлөй албагыдай кылсак болбойбу. Коомдун ар бир мүчөсү аларды жек көрүшү керек. Ошондо коррупцияны жеңе алабыз. Бийлик кармап, “кустуруп” чыгарганы менен алар өздөрүн коомдун эң ардактуу, бийик адамындай алып жүрүп жатышпайбы. Андан сырткары, коррупция маселесинде жердештик, уурулук, тууганчылдык түшүнүккө жакындашпаш керек. Уурулар бизге тууган эмес.

- Былтыр октябрда бир катар саясатчы, активисттер массалык түрдө кармалды. Алардын кармалышын кээ бирлер Кемпир-Абад боюнча айткан пикирлерине байланыштырып коюшту. Массалык башамаландыкты уюштуу боюнча шектелгендерди колдогондор жок эмес. Ошондо биз коомго башаламандык салып, өлкө коопсуздугун коркунучка кептегиси келгендерге да каршы жек көрүү атмосферасын түзө албай жатабызбы?

- Биринчиден, Кемпир-Абад боюнча бийликтин келишимин толук колдойм. Себеби, мындан 1200 жыл башта аянты 5 миллион чарчы километрден чоң өзүбүздүн улуу Кыргыз каганатыбыз, империябыз болгон элбиз. Дүйнөдө империя түзгөн эл аз, анын бири – кыргыз. Улут катары сыймыктансак болот. Өкүнүчтүүсү, аны жоготуп алдык. Көп жыл ар кайсы элдин башкаруусунда жашадык. Эң чоң кыйроолордон аман-эсен чыгып кеттик. Кудай сүйгөн эл экенбиз, эгемендүүлүккө ээ болдук. Бирок чек аралар толук чечилмейинче, бул эгемендүүлүгүк жарым-жартылай болот. 30 жылдан бери көйгөйлүү болуп эсептелинген чек араны тактоодо эң мыкты вариант кабыл алынганы – С.Жапаров менен К.Ташиевдин жетишкендиги. Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп коюш керек, Акаев Үзөңгү-Куушту Кытай менен чек араны чечүүгө колдонгондо элге чыгарган эмес, эл кийин гана келишимге кол коюлгандан кийин билген. Буга чейинки бийликтер деги эле маанилүү маселелерди эл менен кеңешүүнү ойлонушпаган. Ал эми Садыр Жапаров келишимдин ар бир пунктун элге чыгарып жатты. Өзгөнгө барып эл менен жолугушту, акылдашты. Азыркы бийлик мурдагы бийликтердин ачуу тажрыйбасынын туура жагын ала билди.

Ал эми оппозициячыл күчтөр ушул келишимди пайдаланып өлкөгө чаң тополоң салууну көздөштү. Анткени, жогоруда айткандай Үзөңгү-Кууш Акаевдин бийлигинин кетишине, Каркыра Бакиевдин доорунун бүтүшүнө кандайдыр бир деңгээлде таасирин берген. Ошондуктан, алардан кийинки президенттер мындай олуттуу маселеге баш оорутуудан коркуп калышкан. Бирок чек ара эртеби кечпи чечилиши керек болчу. Чек араны таштап коюшту эле, Өзбекстан бизден сурабай эле аймактарды зым менен тосуп алды. Ошол эле Мадумаров 1995-жылдан бери депутат болуп отурат, бир ооз “Өзбекстан биздин жерге кирип кетти”, - деп айткан эмес. Анын айынан жүздөгөн жаран өлүп кетти. Жарандар кооптуу чек ара аймактарында жашоо улантышты. Бул элдин моралдык аң сезимине таасирин берди. Алар биздин жарандарды атышты, а биз эч нерсе кыла албадык. “Биз алсыз элбиз” деген түшүнүк калыптанып, улуттун духун сындырган саясат жүрдү. Ошондуктан, чек араны чечип алганыбыз туура болду. Тарыхка карасак, Кемпир-Абад курулган 1960-жылдары эле суу алдындагы жер үчүн Өзбекстандан компенасация катары башка жер алып, ал жерге 14-15 айыл куруп койгонбуз. Азыр анда жүз миңдеген калк жашап жатат. Жаңы келишимдин негизинде дагы Өзгөн, Сузак райондору тараптан миң гектардан ашуун жер алдык. Биргелешип башкарууга макул болушту. Бул абдан чоң жетишкендик.

Ал эми каршы болгондорго келсек, мен алардын пикирин карап көрдүм. “Бүтүн Кыргызстан” “Маселе ушул бойдон кала берсин, жүз жылдан кийин болсо да суу соолугандан кийин ал жерди өзүбүз алабыз” дейт. Ошондо, чек ара чыры дагы жүз жылдарга улана берсин дегениби? Демек, жүз жылдап Өзбекстан менен конфликтик кырдаал болот, экономикалык байланыш жокко чыгат. Биз бүгүн динамикалуу глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Мамлекеттер аралык экономикалык алакалар тынбай жүрүп турушу керек.

Андан сырткары батышчыл күчтөр каршы чыгышты. Айрыкча, Текебаев жана “Ата Мекен” партиясы. Баарыбыз билебиз, батыштын саясатын Кыргызстанда “Ата Мекен” партиясы менен бейөкмөт уюмдар жүргүзүшөт. Ал үчүн акча алышат. Ошол кыйкырып жаткандардын 90 пайызы Кемпир-Абадга барып көрүшпөсө деле керек. Текебаев Германиядан келип, Кемпир-Абадга чейин барып саясат жүргүзгөнү – аны пайдаланып, Кыргызстанда тополоң чыгарып, Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенди. Аны эмнеден байкап калдым? Ушул партиянын мүчөсү Перизат Суранова кармалды, ал сотто Кемпир-Абад тууралуу сөз кылган жок, Кыргызстанда парламенттик системаны кайра калыбына келтирүү керектигин айтты.

Бул маселеге жеке таарынычынан улам каршы чыккандар да бар. Мисалы, Талант Мамытов – спикерликтен кеткени үчүн, Элвира Сурабалдиева “шайлоочулары бул келишимге каршы болгону үчүн каршы добуш бергенин” айтты. Ал шайлоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүздүбү? Жок. Көрсө, “Кудайберген” базарынын 70 миллион сом карызын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюптур. Айдарбековду сабаттуу деп ойлодум эле, ал болсо мындай келишим 1970-жылдары СССРдин Жогорку советинен өткөн эмес деп туруп алды. Келишим Жогорку совет тарабынан өтпөсө дагы, компенсация алып, айыл куруп албадыкпы? Айжигитов деген депутат “башта макул элем, акыркы моментте пикиримди өзгөрттүм” деп жатат. Жогорку Кеңеште отуруп, мамлекеттин тагдырын чечкен адамдар ушундай примитивдүү ой жүгүртүүнүн негизинде добуш бергени таң калтырат.

 Камалгандарга келе турган болсок, булардын сүйлөшүүсү жашыруун жазылып алынып таратылбадыбы. Ошондо ачык эле, элди чыгарабыз, революция кылабыз дегендерин угууга болот. Кемпир-Абад жөн эле шылтоо, башкы максаттары – бийликти кулатуу болду. Эмнеге батышчыл күчтөр аралашып калды? Анткени, азыр Америка баш болуп, Европадан дөө-шаа өлкөлөрү Россияны алсыратууга катуу киришти. Украинаны курал-жарак менен камсыздап, согуштуруп жатат. Россиянын союздашы катары бизге да чоң тополоң салууну каалашты. Мында туруксуз абалга алып келүү саясаты роль ойноду.

 Биз мындай ички душмандар менен ар дайым күрөшүүбүз керек. Ар кандай мамлекеттин тышкы душмандардын таасиринен эмес, ички душмандардын аракетинен жеңилүүсү бат. Ошондуктан, булардын камалышы абдан туура болду. Германияда 24 адам массалык түрдө камалды. Германиянын саясий түзүлүшүн өзгөртүүгө камылга көрүшкөн экен. Бир немец аларды коргоп чыккан жок. Анткени, алар мындай аракеттер өлкө келечегине зыянын тийгизерин билишет.

Дагы – ошол эле Германияда 97 жаштагы майыптар коляскасында отурган кемпир камалды. Ал 1941-1945-жылдары концлагердин жетекчисинин катчысы болгон экен. Ал эч кимди өлтүргөн эмес, жөн гана катчы болуп иштеген. Бирок камашты. Бир дагы немец “кемпирди эмнеге камайсыңар, кандай мыкаачысыңар, бошоткула” деген жок. себеби, өсө, өнө турган эл адамзаттын тагдырына эң чоң катастрофаны алып келген фашизмдин колдоочусу жазага тартылышы керек деп билет.  А бизде дароо эле “70 жаштагы кемпирди, мынча аялды камашты” дешет. Конституцияда бардыгы: жынысына, жаш курагына, диний ишенимине карабай бирдей деп турат. Мыйзам бузса, 70теги кемпир болсо да жооп бериши керек. Мына, ошондо гана өнүгүүгө жетише алабыз.