Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 350

Н.Анаркулов: "Келечекте таза, мурда-кийин эл ырыскысын жебеген адамдардан турган парламенттин куралышына ишеним чоң"

“Жаңы Ордо” гезити: “Бийлик калыстыкты кармап, административдик ресурсту колдонгондорго чара көрүп, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берди. Эми шайлоо күнү капчыктуу адамдар эски илдет менен добуш сатып алууларды уюштуруп, таза шайлоо ураанына көө жаппайбы?”- деген суроо салган.

Нургазы Анаркулов:

- Былтыркы парламенттик шайлоого салыштырмалуу, жарыштын ачыктыгын, тазалыгын камсыз кылуу багытында жүрөк кубанта турган көрүнүштөр бар экени кадыр эсе сезилип жатат. Бийликте саясий эрк бар экендиги көрүндү: административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алууга каршы мыйзам жүзүндө чек коюлду.

Биринчиден, мурдатан элди алдап-соолап, добуштарын сатып алуу аркылуу депутат болууну кыялданган капчыктуулар шайлоого катышуудан баш тартып жатышат. Анткени, коррупциялык механизмдер иштебеген шайлоодо алар утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок экенин түшүнүштү.

Экинчи жагынан, шайлоонун жүрүшү көрсөткөндөй, эл мурдагыдай кооз сөздөргө да алдана тургудай эмес. Бизде айрым партиялардын лидерлери бийликти жамандап жүрүп добуш топтогонго көнүп алган. Бул ирет андай тактика иштеген жок, бул адамдар барган жерге эл чогулбай, уят болуп кетип жатышат.

Менимче, ушул факторлорду эске алганда, келечекте таза, мурда-кийин эл ырыскысын жебеген адамдардан турган парламенттин куралышына ишеним чоң.

Шайлоонун акыркы күндөрүндө добуш сатып алууну пландап койгон арамдар да бар экендигин айта кетүү зарыл. Президент Садыр Жапаровдун, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин бул жаатта талапкерлерге берген катуу эскертүүсү бар. Эгер кимде-ким арам жолго түшүп, акча чачса, аларга катуу чаралар көрүлөт. Бирин да аябайт. Андайларга абдан катуу чара көрүлүшү шарт, өзүнө да, башкаларга да сабак боло тургандай болушу керек.

Тема: