К.Осмоналиев: Президент Садыр Жапаровдун “бир дагы партияны колдой албайм, калыс турам”- деген сөзүнө үмүт байлап калдым.

- Каныбек агай, шайлоого аттанган бир топ партиялар курултайларын өткөрүштү. Дээрлик баарында шайлоонун таза өтүшүнө ишеничтер айтылды. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөрүнө ишенсек болобу?

- Ооба, мына саясый партиялардын съезддеринин параддары башталды. Өтө кунт коюп байкап отурам. Таң каласың да. Дагы эле былтыркы лозунгдар. Анан былтыркы эле жүздөр. Өткөндөгү үч жексур партиялардын мүчөлөрү толугу менен 5-6 партияларга бөлүнүп алып аламан-байгеге жөнөп калышыптыр. Ойлонушпайт экен да. “Койчу, менин азабыман бирөөнүн чырактай баласы өлдү эле. Үч жүзгө жакын адам оор жаракаттарды алышкан. Ошондогу жаалданган элден аман калганыма шүгүр! Кысчу жерими кысып, жөн оокатымы кылайын. Өлкөнү тоноодон куп эле маарыдым!”- деп өзүнчө ойлонушпайт экен да! Эми өздөрүнөн көрүшсүн. Жаштардын көпчүлүгү алардын дарегин белгилеп, кыжынып отурушат. Аман эле болушсун. Президент Садыр Жапаровдун “бир дагы партияны колдой албайм, калыс турам”- деген сөзүнө үмүт байлап калдым. Менимче ал, өз сөзүнө катуу турат. Башка айласы жок! Бирок, тиги жогорудагы саналган “азаматтар” мыйзам бузуп, кара күчкө салып, анан акча чачууга барышат. Алардын башка артыкчылыктары жок. Цивилизациялык жол менен шайлоого катышууга мээлери жетишпейт, оорукчан амбициялары жол бербейт! Натыйжада элдин каарына эми чындап калышат.

- Өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу кандай ойдосуз? Министрлер кабинети да алмашып жатат...

- Ооба, мурунтан эле талапкерлер өлкөнүн экономикалык кризисин “козыр картасы” катары колдонуп келишкен. Бул примитивдүү эле аракеттер. Ашыкча мээнин кереги деле жок! Баарынан кызыгы, ошол талапкерлер өздөрү убагында өлкөнү талап-тоноого активдүү катышкан да? Укмуш байып алышкан. Эми ошол байлыктарын тынч гана инвестиция кылып өндүрүш ачып, бир аз мээни иштеткен эмгек кылуунун ордуна кайрадан эле парламентке жармашып уурулуктарын улантуунун аракетинде болуп жатышат. Бул чоң күнөө. Демек андай акмактар оңолбойт экен. Аларга түрмө гана ылайык болчудай. Алардын абийирин чыгарып, элдин алдында биротоло шерменде кылмайынча, арам байлыктарын элге кайтармайынча акыл-эстерине келишпейт экен да? Башка кандай чара сунуш кылмакпыз? Бүт дүйнө эли ууруларды, коррупционерлерди ушинтип эле жазалайт! Министрлер кабинети боюнча сөз жок. Алар актанып жатышып өздөрү деле ыңгайсыз абалда калышты. Өздөрүнүн абийирлерин биротоло төгүп алышты. Өрт өчүргүчтүн ролун аткарышып эле ары-бери жүгүрүп жүрүшөт. Президенттин ишенимин бири дагы акташкан жок. Менимче чечкиндүү кадамдарга барып, эч кылчактабай реалдуу экономиканы көтөрүп кетүүгө толук шарттары бар болчу. Президент ачык колдоп, баарын коргоп отурат го?  Менимче, шайлоонун алдында элдин ишенимине арзый турган техникалык министрлер кабинетин чукулунан түзө салып, күнү-түнү иш алып баруу жолуна түшүшсүн. Ал үчүн кабинеттин составына оппозициянын өкүлдөрүн дагы тартып, бүт элдик консенсуска келишсин. Ошондо гана шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө эки тарап тең жооптуу болуп калышмак. Эми аны ойлонгон жан барбы? Таң ай! Дагы эле айыгышкан абысындардай болушуп, “Бекейиңе, Ботоюм. Калманбетке Казманбет. Сенден кантип калайын!” - деген жеңил ойлуу саясат кетип жатат! Мен ушул эле оюмду былтыркы кокуй күн бийликке дагы айттым эле. Уккан эч ким болгон эмес. Натыйжасын, көрдүңөр! Өздөрү шерменде болуп кеткени аз келгенсип, элди кырып ала жаздашты. Кудай сактады! Эл акылдуулук кылып, сабыр тутуп койду! Быйыл андай кырдаалды алдын-ала оңдоп кетүүгө болот. Дагы деле кеч эмес. Убакыт аз, бирок, бар!

- Шайлоого  партиялардын дагы деле көп катышышы партиялар таасирин жогото электен кабар береби?

- Жок. Менимче андай деле эмес. Тескерисинче, партлидерлер коррупциянын жаңы формаларын ойлоп таап жатышат. Кайдагы эле бир мыйзамсыз “альянстарды” түзүшүп, элдин башын айлантышууда. Кыргызстанда бүгүн деле так-даана партиялык-саясый система түзүлгөн жери жок. Партиялар өздөрүнүн чыныгы вазийпаларын түшүнүшпөйт. Алар депутаттык мандатты алууну көздөгөн механикалык машинага эле айланып алышкан. Бул чоң кылмыш. Партлидерлерди тайманбай эле камаса боло берет. Анткени алар элди алдашып, өлкөнүн келечегине балта чаап жатышат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөрчү? Кыйынчылык кезде жок болуп кетишет. Мисалы, пандемия кризисинде, Баткен кыргынында, жаратылыш кырсыктарында. Анан эле шайлоодо жулунуп кирип келишет. Партияларды эл эчак эле жек көрүп калышкан. Болгону эле алар чайкоочулүкка өтүп алышты. Кадимки базар мыйзамы. Аларга элдин, өлкөнүн тагдыры бир тыйын!

- Каныбек агай, партиялык тизме менен кичи мекенинде колдоо таба албаган саясатчылар шайлоого аттанып жатабы же тескерисинче колдоочусу көп саясатчылар аттандыбы?

- Чынында өтө кызык кырдаал түзүлдү. Мыйзам боюнча ачык тизме жарыяланды. Эгерде, шайлоо таза уюштурулган болсо “эски” эрендердин бири дагы өтүшпөйт. Элдин аларды көрөйүн деген көзү жок. Ал турсун партлидерлер өздөрү ыргып кетишет дагы ошону менен саясый өмүрлөрү биротоло үзүлөт. Ошондуктан бириге калып бир нерсе кылып жиберели деп жүткүнүп жатышат. Абийир деген аларда калган эмес. “Кой эми эс алайын. Жаңы жүздөр келсин!”- деп айтуу алардын көпчүлүгү үчүн өлүм менен барабар. Керек болсо жарандык согуш чыгаруудан дагы кайра тартышпайт. Эми ак ниет ветерандар деле бар. Алар шайлоодон баш тартып жатышат. Бирок, алар өтө эле аз! Президенттин эч бир партияны колдобой, адилет турганы жакшы болду да! Эми көрөбүз. Кимдин-ким экени билинет! Кичи мекенинен өтпөшүн билген шүдүңгүттөр партиядан партияга өтө качышып, миң кубулуп жатышат. Алар кыргыздын эң коркунучтуу душмандары. Мен алдыдагы шайлоодон эч бир жакшылык күтпөй калдым. Карапайым элге убалдары тийбесе экен деген гана тилек менен жашай баштадым!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити