Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 554

Т.Тургуналиев: "Биздин бир жаман адатыбыз бар, батышта эмне болуп жатса, ошолордун баарын көчүрүп алып, сокур сезим менен кайталай беребиз"

- Топчуке, жакында өлкөбүз көз карандысыздыгыбыздын 30 жылдыгын белгиледи. Андагы, кийинки тарыхыбыздагы маанилүү окуялардын бардыгына активдүү катышкансыз. Эми Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өнөктүгү башталды. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жолку шайлоо өнөктүгү жөнүндө ойлоруңуз, көз карашыңыз?

- Жогорку Кеңешке шайлоолор дайыма түгөнбөгөн чыр-чатактар, ыр-жомоктор менен коштолуп келатат.Өткөн кылымдын 90-жылдарында Жогорку Кеңештолугу менен коммунисттик парламент эле. Бирок, анын жоон тобу коммунисттик системага каршы чыккан. 1990-жылы алар Кыргызстан демократиялык кыймылы менен үндөш болуп, Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет болушун колдогон.1990-жылы КДКда Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө жараяндын текстин даярдоону мага тапшырышкан. Эсимде, ошол жылы сентябрь-октябрда көз карандысыздык жөнүндө жараяндын долбоорун жазгам, ал ноябрда КДКда жактырылып, Жогорку Кеңешке бергенбиз. Жогорку Кеңеште 15-декабрдакаралып, талкууланып мен “Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болсун” деп жазганды “суверендүү мамлекет” деп өзгөртүшүп кабыл алган. Француздардын “суверендүү” дегени саясый, лингвистикалык жактан “көз карандысыздык” дегенден төмөн түшүнүктү билдирет. Бирок, ошентсе да убагында ал чоң жеңиш болгон эле. Кийинки жылы 31-августта ошол эле коммунисттик парламент Кыргызстандын толук көз карандысыздыгы жөнүндө жараянды кабыл алган. Бул жагы жакшы болгон, бирок ошол эле парламент 90-жылдардын башталышында атабабаларыбыз жетимиш жылдан ашык убакта жыйнаган байлыктарды талатып жиберди, көбү мамлекеттик чиновниктерге кошулуп ага активдүү катышты. Анан ал өз позициясы жок,бийликтин көзүн караган чөнтөк парламентке айланды. Кийинкилери деле андан айрымаланбады. Ошолубактагы Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Акаевге 3-4-жолу шайланганга жол ачып бергенде да ага каршы чечкиндүү сөзүн айталбады, мыйзамдуулукту коргой албады. Андан бери парламент мажирөөлөнүп эле келатат.Биринчиден, шайлангандар чоң саясатты жакшы билишпеди, негизинен чала сабаттар келип отурушту. Экинчиден, “прихватташтырууда” байып, өз кызыкчылыгынан, байлыгынан башканы ойлошпогондор болушту.

- Кечириңиз Топчуке, Кыргыз ССРинин акыркы ирет шайланган Жогорку Кеңешин айрымдар “легендарлуу парламент” деп жүрүшөт го.

- Мен андай баага кошулбаймын.Эгерде ал парламент “прихватташтырууга”, Кумтөр аферасына жол бербей, жаңыдан күчөп бараткан үй-бүлөлүк башкарууну ооздуктап, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Баш мыйзамга бекем турушса, анда ошентип бааласак болмок. Бирок, ал парламенттегилердин көбү элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын сатып, акырында Акаевдин көрсөтмөсү менен өздөрүн өздөрү таркатып жиберишпедиби. Аны “саткын” парламент деп гана атоого болот. Андан кийинки парламенттер Акаевдин койнуна биротоло кирип алышты. Эриш аркак жүрүштү. 2010-жылы парламенттик башкаруу системасына өттүк эле, 5-чакырылыштагы парламент деле өз алдынча боло албады. Аралаш системадагы башкарууда да президенттик бийлик күчтүү болду.Анткени, президентти жалпы эл шайлаганда баары бир анын макамы, бийлиги жогору болот. Анын себеби бар, хандык, авторитардык башкаруу жүздөгөн жылдар боюэлибиздин аң сезимине биротоло сиңип калган. Парламенттик башкарууга өттүк деген куру кыйкырыктар көп болду. Парламенттик системада президентти жалпы эл шайлабайт, маселен, Эстонияда, Литвада президентти парламент шайлайт. Ошондуктан быйыл мамлекеттин жетекчилиги, өкмөт башчылык бирадамдын колуна өттү. Мындай өлкөлөр көп, кеп системада гана эмес, анын башында кимдер турганында. Кандай саясый элита үстөмдүк кылат, кеп ушунда экен. Депутаттардын саны жөнүндө да 90-жылдардын башынан бери талаш тартыштар көп болгон. Менимче, 90 депутат болгону туура, андан азын сатып алуу оңойболот. Атын, тегин саткан Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) деген неме Баш министр болуп турганда өзү каалаган чечимди өткөрүү үчүн депутаттарды сатып алчу.Ал Акаевден башалды эле, эмдигиче токтобой келатат.

- Топчуке, эми сөздү азыркы шайлоодогу абал жөнүндө улантсаңыз.

- Бул шайлоого 75 партия катышканы жатыптыр, бул жөн эле тамаша, комедия. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн бир автобус толгудай деле жактоочулары жок. Шайлоону тамашага айландырбоо үчүн парламентке өтүү босогосу 10 пайыздан төмөн болбошу керек эле. Эмне үчүн? Анткенде көз караштары жакын партиялар аргасыз бирикмек же биротоло саясаттан сүрүлүп,ошондон ары жок болмок. Батыштын чыныгы демократиялык өлкөлөрүндө 3-4төн эле партия бар да. АКШда онго жакын партия бар, бирок алардын бийликте келатканы экөө эле. Биз үчүн да андан башка жол жок.

- Айрымдар мындан 5-6 ай мурда өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду алдыдагы парламенттик шайлоолордун күзгүсү, 28-ноябрда да ошондой болот деп жатышат. Бул боюнча оюңуз кандай?

 - Ал шайлоолор баардык жерлерде добуштарды сатып алуу, протоколдорду бурмалоо сыяктуу мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн. Бир нече шаарда шайлоолордун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Баарынан жаманы, ал мыйзам бузуулардын күнөкөрлөрү жазаланган жок. Мамлекеттин эсебинен дагы ондогон, жүздөгөн миллиондогон каражаттар жумшалып кайра шайлоолор өткөрүлбөдүбү. Токмокто кайра шайлоодо да мыйзам бузулдуэле, эптеп анын жолун таап жымсалдап мыйзамдаштырып коюшту. Андай нерселерде БШК, прокуратура органдары алсыздыгын көрсөтүп жатышат. Тилекке каршы, 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоодо да андай көрүнүштөр сөзсүз болот. Өткөн жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо үч партия добуштарды ачык эле сатып алышып, элди нааразы кылышты эле, мамлекеттик төңкөрүш келип чыкты. Ага күнөкөрлөр жазаланышкан деле жок. Бюджеттин бир миллиард сомдой акчасы жөн эле жок болду. Андай окуя дагы кайталанбасы үчүн ал шайлоого кеткен чыгымдардын бардыгын жанагы үч партияга бөлүштүрүп, ошолордон өндүрүп, жетекчилерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек эле. Бирок, андай болбоду, шылуундар өз партияларын таштап эртеси эле мамлекеттин жаңы башчысы тарапка өтүп кетишти. Ошону менен өз баштарын арачалап калышты.Сот системасын реформалоо керектиги көп айтылат, мен ага кошулам, бирок сотторду гана эмес, бийликтин баардык бутактарын,тармактарын реформалабаса, мындай көрүнүштөр азайбайт. Административдик-аймактык реформа жөнүндө сунушумду 1991-жылы 3-январда “Кыргыз руху” гезитине жарыялагам. Андан кийин да көп жолу сунуш кылдым, бирок ишке ашпады. Коомдо терең сапаттык өзгөрүү болмоюнча бул бийлик деле мурдагы көчтүн артынан илкип-калкып жүрө берет.

- Бул жолу жаңыдан киргизилип жаткан преференциялык шайлоо системасына кандай карайсыз?

 - Преференциялык шайлоо деген шайлоонун эң татаал, чиеленишкен системасы. Саясый маданияты, демократиясы жогоруөлкөлөрдө ал иштейт, бирок Кыргызстандын шартында иштеши татаал, көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат. Ага биз даяр эмеспиз. Биздин бир жаман адатыбыз бар, батышта эмне болуп жатса, ошолордун баарын көчүрүп алып, сокур сезим менен кайталай беребиз.Эл ага даярбы, жокпу, саясый маданиятыбыз ылайык келеби, келбейби, аны менен таптакыр ишибиз жок. Кыргызстандын элинин өзүнүн саясый деңгээлине ылайык системаны тандабайбыз. Менимче, көп мандаттуу менен бир мандаттуу тең салмакта болушу керек эле. Партиялык система өзүн актаган жок. Азыркы парламент мыйзамсыз бир жыл иштеди, анын мөөнөтү өткөн жылы октябрда эле бүткөн. Кайдагы шылтоолорду таап, бир жыл ашыкча иштешти. Бул шайлоо да жакшылыкка алып келбейт деп турам.

 - Экономикалык абалыбыз оор,бирок азыр айрымдар өтө эле “оригиналдуу” Ысык-Көлдүн жээгине 500 миң адам жашай турган, баасы 20 миллиард долларлык “Асман” деген шаар курабыз,андан сырткары БПЛдарды (учкучсуз аскердик учактар) чыгарабыз деген демилгелер менен чыгышууда. Биздин шартта аларды ишке ашырууга мүмкүнбү?

- Азыркы мамлекет башчысын да адаштырган күчтөр бар. Мен ал долбоолордун ишке ашарына ишенбейм, анча каражат тапканга мүмкүнчүлүктөрү болсо, каяктагы жомокторду айтышпастан жаңыдан ишканаларды куруп, жакыр жашагандардын турмуш-тиричиликтерин жакшыртышпайбы. Садыр Жапаров өткөн жылдын аягындагы бир сөзүндө Кыргызстандын калкынын 80 пайызы жардылыкта жашайт деди эле. Бүгүн болсо башкача ырды ырдашууда. Эгерде дүйнөлүк стандарт боюнча жашоонун минималдуу деңгээлин алганда биз дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдөн алыстай элекпиз. Ортоңку деңгээлге да жетпейбиз. Ошондуктан табылган, тарткан каражаттардын бардыгын экономикага, элдин турмушун жакшыртууга жумшоо керек. Мурдараакта “ааламга жол-айылдан башталат” деген ураан чыккан. Анын мааниси эмнеде? Аны мен айылдарды, айыл чарбасын өнүктүрүү керек деп түшүнөм. Бул калпыс ой. Айыл чарбасынын көп тармактары өнүккөн өлкөлөрдө деле өзүн актабайт, көбү дотацияларда турат. Дүйнөнүн баардык алдыңкы өлкөлөрү өнөр жай, инновациялык технологиялар менен өнүгүп жатышат.Биз Акаевдин тушунда өнөр жайбызды талкалап, биротоло агрардык өлкөгө айланып кеттик. Аныбыз мануфактуралык деңгээлге түштү. Алар өндүргөндөрдүн деле 30-40 пайызы убагында сатылбай калууда. Өндүрүлгөндөр терең кайра иштетилсе, бузулмак,чиримек эмес, эртедир-кечтир өз аларманын тапмак. Бир сөз менен айтканда, өнөр жайыбыз өнүкмөйүнчө экономикалык абалыбыз жакшырбайт. Алдуукүчтүүкайраттуу, билимдүү жаштарыбыз мигрант болуп башка өлкөлөргө кетип,элибиз азая берет. Эгерде өнөр жайы өнүксө, сырткы миграция азайып, бюджеттин киреше бөлүгү көбөймөк. Мында сууэнергетикасы, тоо кен өнөр жайы биринчи орунда турат. Акыркы убактарда тоо кен десе алтынды эле түшүнүп калдык. Алтын кендеринин айрымдары эл аралык афристтердин колдоруна өтүп кетти. Монголияда инвесторлор өндүргөн алтындын 80 пайызы өздөрүндө калат экен, ал эми биздечи? Садыровдон башкасынын баары аферисттерге сатылып келбедиби! Кыргызстанда көмүр, темир, жез жана башка баалуу металлдардын, элементтердин кендери да көп. Өкмөтбаардык күчүн сырттан инвестицияларды тартууга жумшап, аларды иштетүүнүн жолдорун издеш керек. Тилекке каршы, бизде жылдан жылга сырттан түз тартылган инвестициялардын көлөмү азайып баратат. Эгерде элдин инвесторлорго карата мамилеси кескин оңолуп, ыңгайлуу шарттар түзүлбөсө, алар кайдан келет?

- Эми кадрдык маселеге келсек. Азыр Бишкектеги мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлорунун 80 пайызы нарындыктар экен. Президенттик администрацияда, жетекчи кызматтарда көлдүктөр күндөн күнгө көбөйүүдө. Бишкекке Сарыбашовду убактылуу мэрликке дайындашты эле, аны кысмактап кетиришти. эБизде кадрдык теңчилик, калыстык качан болот?

- Сен мени түздөн түз аркы бетке түртпө. Менин азыр оппозициячылдарга кошулайын деген ниетим жок. Бүгүн оппозициянын абалы абдан начар. Бирок, сен айткандай өңүттөгүлөрдү кээде угуп, окуп жүрөм. Канчасы чын, канчасы ойдон чыгарылгандар экенин так билбейм. Билбеген соң мунуңа так жооп бере албайм. Кыргызстанда Усубалиевдин убагында жердешчилик, трайбалисттик көрүнүштөр күчөгөндүгү чындык. Ага чейинки жетекчилер андайды билишкен эмес. Ал Акаевдин, Бакиевдин убагында да күчөгөн. Андай көрүнүштөр азыр да бар. Трайбализм бизде аябай тамырлаган.Ал окуу жайларда гана эмес, аткаруу, сот бийликтеринде, башка чөйрөлөрдө да жетишерлик. Бирок, андай көрүнүштөргө каршы чечкиндүү күрөшкөн жетекчиликти көрө элекмин. Азыркы жетекчилик мурдагылардын жолдоруна түшпөстөн кадрдык маселени дыкат карап, таразадай так, калыс чечип туруусу керек. Антпесе эл арасында ар кандай сөздөр айтыла берет, нааразылыктарды жаратат.

Тынчтыкбек БЕШКЕМПИРОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: