Печать
Категория: Эксперттин пикири
Просмотров: 693

Ж.Акималиев: "Көздөгөн кызматына жетпей калгандар бул туура саясатты тескери көрүшүп, өздөрүн оппозиция катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат"

- Жамин агай, неге президенттин чын дилден жасаган аракеттеринин баарын тескери бургусу келгендер, элди туура эмес маалымат менен кабардар кылгысы келгендер күч ала баштады?

- Чындыгында, Президент Садыр Жапаровдун жасаган орчундуу иштерин колдогон атуулдар көп. Бирок, көрө албастар жана ичи тарлар анын жигердүү эмгегин тескери бургусу келип жатат. Бул куру убара. “Атың чыкпаса, жер өрттө”- деген ушул. Мындай ичкөптүлөргө көңүл буруштун деле кажети жок.

- Эмнеге президенттин кадр саясатына курсагы тойбогондор көбөйдү? Же Кыргызстанда кызматка илешпей калгандын баары эле өзүн оппозиция сезип, сындаганды адатка айлантып алышканбы?

- Президенттин соңку учурдагы кадр саясаты өлкөбүздө жетекчилерди тандоо, талдоо, тарбиялоо, окутуу жана аларды жайгаштыруу боюнча жаңы системаны түзүүгө багытталган. Азыркы кезде райондун жетекчилигине жана анын орун басарлыгына талапкерлер ачык айкын коомдук конкурстун элегинен өтүп, улуттук жана регионалдык резервдерге киргизилип жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ошону менен бирге көздөгөн кызматына жетпей калгандар бул туура саясатты тескери көрүшүп, өздөрүн оппозиция катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Мындан эч нерсе чыкпайт. Президент өзүнүн саясатын чечкиндүү түрдө узартышы зарыл.

- Президент “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Түмөнбаев Турусбекти кудасы экенине карабай кызматтан кетиргени колдоого аларлык ишпи?

- Тендер жүргүзүүдө кетирген ири кемчиликтери үчүн, президенттин кудасы болсо дагы, Түмөнбаев Турусбектин кызматтан алынышы коомчулукка майдай жакты. Демек, Садыр Жапаров жакын туугандарын өзүнүн саясатына тап-такыр аралаштырбагандыгы тастыкталды. “Кара кылды как жарган” мамлекет башчысы деп айтсак эч жаңылышпайбыз.

- Президенттин Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалындагы ок аттырбай маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылганын айрымдар азырга чейин сындашат. Неге президенттин сабырдуулугун мококтук катары кабыл алып жатышат?

- Кээ бир саясатчыларга эч нерсе жакпайт экен. Буга тим эле таң каласың. Президент күлүп койсо да жакпайт, мостойсо да жакпайт. Садыр Жапаров июнь айынын аягында тартынбастан Тажикстанга барып, ал өлкөнүн Президенти менен кеңири сүйлөшүп, чек ара жаңжалын тынчтык жолго салды. Мунун эмнеси жаман экен. Бейпилдик болбосо өлкө өнүгө албайт. 16-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУнун кеңешмесине да президентибиз барып калышы мүмкүн. Барсын, анткени аракет бар жерде, берекет бар. Бизге куру намыстын кереги жок.

- Баса, ажобуз эл аралык мамилерди жөнгө сала алдыбы?

- Садыр Жапаров эл аралык мамилелерди жогорку деңгээлге жеткире алды. Коңшу турган боордош өлкөлөр менен мамилени түп тамырынан оңдоду. Орусия менен болгон өнөктөш биринчи планга чыкты. Ал тургай Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүлөр башталды. Европа Союзу Садыр Жапаровду чыдамсыздык менен күтүп жатат. Туркия менен мамиле ойдогудай болууда. Эми Президент Араб өлкөлөрүнө барганы турат. Мунун баары жакшы. Менин инсан катары каалоом - президент Жапаров көпкө созбой Кытай Эл Республикасына барып келсе сонун болот эле.

- Эмнеге президенттин ишти илгерилетүү боюнча жасаган аракети анчалык байкалбай жатат?

- Президенттин ийгиликтүү иштеринин көпчүлүккө көрүнбөй жаткан себеби, бизде үгүт-насыят иштери солгун жүрүп жатат. Ошондуктан тийиштүү органдар идеологияны илгерилетиши зарыл. Мамлекеттик катчы эмне иш жасап жатканын мен түшүнбөй койдум.

- Буюрса, жаңы мыйзамдар жана жаңы Конституция менен шайлоо өткөрөбүз. Аралаш система мыкты депутаттардын келишине шарт түзүлөбү?

 - Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш система менен шайлоо – бул азыркы учурдун талабы. Анткен себеби бир мандаттуу округдардын артыкчылыгы – эл өзүнүн каалаган кишисин түздөн-түз тандап алат. Ал эми партиялык тизменин жакшы жагы – келечектеги депутаттардын социалдык курамын алдын ала аныктоого шарт түзөт.

- Шайлоодон киийн бийлик алмашып кетиши мүмкүнбү?

- Шайлоодон кийин бийлик алмашат деген сөз – былжыраган сөз. Бул, катардан чыгып калган кээ бир саясатчылардын арам тилеги. Андай тилектер ташка чабылсын. Бийликтин алмашуусуна жүйөлүү себептер жок деп айтсам жаңылышпаймын.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити

Тема: