Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кумшекердин баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго же дээрлик 19 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Ошол эле учурда кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Исфана (бир кг үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 67,84 сом), Ноокат (бир кг үчүн 67,39 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 67,33 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 67,21 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Токмок (бир кг үчүн 60,67 сом), Талас (бир кг үчүн 60,89 сом) жана Нарын (бир кг үчүн 61,94 сом) шаарларында катталды.

Үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 4,34 сомго же 7,2 пайызга жогорулады.

Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Ноокатта - 18,8 пайызга, Чаек айылында - 13,2 пайызга, Баткен жана Кара-Балта шаарларында - 9,7 пайызга өскөнү катталды.

Айрым калктуу конуштарында кумшекердин орточо керектөө баалары

(бир килограмм, сом)

Нет описания.

Булак: Кабар