Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 175

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал программасын айтты жана жаңы министрлер кабинетинин курамы менен тааныштырды. 

Ошондой эле, болочок өкмөт башчы алдыдагы башкы максаттары ИДПны көтөрүү экенин белгиледи. 

"Баарыбыз мамлекеттик башкаруу системасы натыйжасыз иштеп жатканына күбөбүз. Бюджеттин ылдыйлашы, инвестициянын агымынын азайышы бир гана пандемияга байланыштуу эмес. Биздин башкы максатыбыз ИДПны көтөрүү, ар бир үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүү", - деди ал.