Бүгүн, 5-январга карата күйүүчү-майлоочу майлардын баалары 35,2 - 36,4 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бул тууралуу тиешелүү компаниялардагы бааларга жүргүзүлгөн мониторинг менен белгилүү болду.

Сентябрдын аягында дизель отуну 33,7 сомдон тарта 34,5 сомго чейин чыккан. Ал эми октябрдын аягындагы баа 32,3-33,7 сом болгон. Декабрдын ортосунда бир аз жогорулап, 33,9-35,4 сомго жеткен болчу.

Сентябрдын аягынан тарта январдын башына чейинки бааны карасак, орточо 1,5-1,9 сомго жогорулаганы байкалат.

- «ШНОС» (Bishkek Petroleum) — 1,7 сомго;

- «Партнер нефть» — 1,5 сомго;

- «Газпром Нефть Азия» — 1,9 сомго;

- «РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) — 1,8 сомго өскөн.

Компаниянын аталышы

29-сентябрь

27-октябрь

30- ноябрь

16-декабрь

28- декабрь

5-январь

«Газпром Нефть Азия»

34,5

33,5

33,5

35,4

35,9

36,4

«РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть)

34,4

33,4

33,4

33,9

35,4

36,2

«ШНОС» (Bishkek Petroleum)

33,5

32,3

32,3

34,6

35,2

35,2

«Партнер нефть»

33,7

33,7

33,7

34,9

35,2

35,2

 

Булак: Баракелде