Тергөөнүн версиясы боюнча, Салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары бир нече «арамза» ишкердик чарбалар менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн. Мындан улам, уюмдар кошумча нарк салыгын майда суммаларга бөлүп, такай кайтарып алып турган. Мыйзам боюнча кошумча нарк салыгы 300 миң сомдон ашса, ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралышы керек. Бирок бул тартип аткарылган эмес.
«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы демилгелеген текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 5 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү зыян аныкталган. Бул сумма ишкердик чарбалар тарабынан толугу менен калыбына келтирилди», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
УКМКдан кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдашты. Салык кызматынын Бишкектеги аймактык башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн инспекторуна, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын бөлүм башчысына жана кызматтын борбордук аппаратынын бөлүм башчысына айып тагылды.
Буга чейин башка укук коргоо органы Мамлекеттик салык кызматын ири компанияларга салыктан качууга жардам берген деп айыптаган. Финпол 27-октябрда Соцфонд менен салык кызматынын кызматкерлери «Кумтөр Голд Компани» алтын кен компаниясына «артыкчылык бергендиги» тууралуу билдирген. Ушундай жол менен компания кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келиши мүмкүн экени айтылган.
Булак: “Майдан. kg” гезити