Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 103

Быйыл 10 айда Кыргызстан сыртка 14 тонна 604,5 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 10 ай ичинде Кыргызстан 19,5 тонна алтын өндүргөн.

“Жыл башынан бери Кыргызстан Улуу Британияга 807,7 млн долларга 14,6 тонна алтын, Түркияга 42,7 миң долларга 4,5 килограмм алтын экспорттогон”, - деп билдирет Статистика комитети.

Булак: Кабар