Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 241

Кандай болорун так айтуу кыйын. Бирок өлкөдөгү саясий, пандемиялык абалдарды эске алып айтканда, жакшы, жеңил  болорун боолголоо кыйын болуп калды. Кыргызстандагы бир катар экономисттер, серепчилер жакынкы жылдары өлкөнүн экономикалык абалы оорлошуусу мүмкүн экенин айтышууда.

Алардын айтымдарында, бүгүнкү күндө экономикалык абалга прогноз жасоо кыйын. Бирок учурдагы кырдаалдан алып караганда, бул жылы экономиканын бардык секторунда 20-25 пайыздык төмөндөөлөр болушу күтүлүүдө.

Тагыраак айтканда, капитал сыртка кетип, түзүмдүк жумушсуздук орун алышы ыктымал, бул өз кезегинде макроэкономикалык тобокелдиктерди жаратып, биздин товарлар менен ресурстарга болгон суроо -талаптын төмөндөөсүн шарттайт. Натыйжада негизги өнөктөштөр болгон Россия жана Кытай менен болгон экономикалык алакага терс кедергисин тийгизбей койбойт. Мигранттардан келген каражаттардын,  инвестициялардын келүүсүнүн азаюусунан улам ички суроо -талап да төмөндөйт, экономикалык активдүүлүк басаңдайт. Бул жагдайлар экономиканын өнүгүүсүн жайлатып, калктын кирешесинин азаюусуна алып келет.

2020-жылга чейин Кыргызстандын ИДПсынын жылдык орточо  өсүшү 40 млрд. сомду түзүп келсе, жакынкы үч жылда прогноз боюнча 642 млрд. сомго жетиши керек эле.  Иш жүзүндө прогноз менен реалдуу көрсөткүчтөгү айырма 307 млрд. сомду түздү. Бул жылы алтын өндүрүүдө, кызмат көрсөтүү, курулуш, транспорт тармактарында төмөндөө болууда. Оптимисттик сценарий менен алганда, өлкөдөгү жумушсуздук 14 пайызга, пессимисттик сценарийде 21 пайызга жетиши мүмкүн. Акыркы күндөрдөгү доллардын сомго карата кымбаттоосу да экономикалык абалды оорлотууда.

Азырынча экономист, серепчилердин Кыргызстандын  экономикалык абалына болгон прогноздору ушундай. Албетте, оптимисттик сценарий орун алып, бүгүнкүдөй кризистик абалдан татыктуу чыгып алсак экен. Өлкөдө саясий туруктуулук,  тынчтык болсо, экономикалык оорчулуктар убакыттын иши деп ишенебиз.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити