Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, каржылык булак аныкталды, жардам 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга берилет жана бул үчүн бюджеттен бир миллиард 200 миллион сом жумшалат.
«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик», - деди ал.
Жапаров кошумчалагандай, жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын – декабрдын, январдын жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.
Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган. Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө элдин 80 пайызы банктардан мөөнөтү аз, үстөгү өтө жогору (30 пайызга чейин) кредит алып жашап калышкан. Аны да бизнес же ишкерчилик үчүн эмес, аш, той же күнүмдүк керектөөгө жумшап жибергендер көп болгондуктан, үстөгү менен төлөй албай, күрөөгө койгон үй, машина же башка мүлктөрүнөн ажырап калгандар да көп. Ошондуктан өкмөттүн бул кадамы аз да болсо, элибиздин жакыр катмарына жардам болмокчу.
Булак: “Майдан. kg” гезити