Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 183

Ѳлкѳдѳ пандемиялык абал болуп, бир катар ишканалардын иштери артка кетсе, “Кумтѳрдѳ” алтын казуу ѳз нугунда уланууда.

2020-жылдын 1-жарым жылдыгында “Кумтѳр” 325 миң 551 унций, же 9 тонна 229,22 тонна алтын ѳндүрдү. Жылдын башынан бери компания ѳлкѳ бюджетине 6,46 млрд. сомдук салыктык тѳлѳмдѳрдү которду.

“Кумтѳрдѳ” алтын ѳндүрүүнүн кѳлѳмү экинчи кварталдын жыйынтыгы менен 173 миң 245 унцийди түзгѳн, ѳткѳн жылдын ушул мезгилинде 151 миң 65 унций алтын ѳндүрүлгѳн эле.

Акчалай алып айтканда, 2020-жылдын 2-кварталында  компаниянын алтын сатуудан түшкѳн жалпы кирешеси 286,4 млн. долларды түзгѳн.

Булак: “Майдан. kg” гезити