Ѳткѳн жуманын аягында каржы министрлиги бюджеттин акчаларынын кандай максаттарга сарпталып жатканы боюнча отчет берди. Мамлекеттик бюджеттин акчасынан жеке индивидуалдык, дезинфекциялоочу каражаттарды, дары-дармектерди, ПЦР-анализдерди, чыгаша материалдарын сатып алууга, компенсациялык тѳлѳмдѳргѳ жана тамактанууга жалпы 2 млрд. 569,4 млн. сом жумшалды.
Атап айта турган болсок, 488 млн. сом ИВЛ аппараттарды, дем алдыруучу концентраттарды, реагенттерди, чыгым материалдарын сатып алууга, компенсациялык тѳлѳмдѳрдү берүүгѳ, 600,9 млн. сом Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 566,8 млн. сом укук коргоо органдарына, 475 млн. сом, Мамлекеттик материалдык резервге, 208,9 млн. сом, ѳзгѳчѳ кырдаалдар үчүн ачылган эсепти толуктоого, 27,7 млн. сом облустук администрацияларга, 3,1 млн. сом, Мамлекеттик ветеринардык инспекцияга, 157 млн. сом, ТИМге, 1 млн. сом транспорт министрлигине бѳлүнгѳн. Ал эми 40 млн. сом пандемия маалында турмуштук кыйынчылыктарга дуушар болгондорду колдоо максатына каралган. Белгилей кетсек, мамлекеттик органдарга бул акчалар илдетке каршы пайдалануучу каражаттарды сатып алуу үчүн берилген.
Булак: “Майдан. kg” гезити