25-майда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКнын жумушчулары өз алдынча шайлоо өткөрүштү.
 
Элдик коргоо комитетинин төрагасы Муктар Артыкбаев аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго «Соттун жоопкерсиздигинен, бийликтин кайдыгерлигинен улам биз ушундай жолго бардык», - деп билдирген.
 
Шайлоо ачык өткөрүлүп, 1554 адам катышып,алардын 1332 адамы Каныбек Масировду 5 жыл иштесин деп шайлоо үчүн добуш беришкен. Бирок бул шайлоого экинчи тарап Кеңеш Масиров катышкан эмес.
 
М.Артыкбаев 26-майда Ноокен районунун борборуна жүрүш жасап, мөөрдү берүү талабы менен чыгышаарын билдирди.
 
Ал эми экинчи тарап бул шайлоонун мыйзамсыздыгын айтып, эч кандай юридикалы күчкө ээ болбойт, деп жатышат.
 
Баракелде