Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 230

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев   кол койду. 

 

Бул чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. 

 

Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган. 

 

Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.