Азимбек Бекназаровдун мурдагы жардамчысы Самсаалы Четимбаев Мамкаттоо кызматынын төрага орун басарынан өз эрки менен кетип, учурда«Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган кези. Самсаалы мырза жашыраак кезинде түнкү клубдарда кыйын мушташчу эле, эми ал тентектик жоруктары токтолуп, иштин майын чыгарган кезге өсүп жеткенине баракелде! Ушул кезде «Кыргызнефтегаздын» коллективи С.Четимбаевди жылуу кабылдаганы белгилүү.
 
 Эсиңерде болсо, буга чейин«Кыргызнефтегазда» эки тарап болгон салгылашуулар, компроматтар согушу токтобой келген. Чыр-чатак курчуп. Албетте, акча көп жерде жаңжал да болору калетсиз. Айтор, бир жылдан бери бу тармактын иши өрлөбөй, жалаң гана чатак менен коомчулуктун мазесин алганын кантип жашырабыз? Эми үмүт жанчудай болуп туру, себеби, алдым-жуттумдуктан алыс, таза жигит Самсаалы «Кыргызнефтегазды» көзөмөлдөйт. Азырынча ушундай аруу ишеним бар, андан кийинкисин айта албайбыз, таза тилекти актаса деген гана ой...
 
Alaman.kg