Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 145

 

Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

 

Анын айтымында, 2017-жылы шаарга тартылган инвестициянын жалпы көлөмүнө караганда 2018-жылы 1 миллиард 368,9 миллион сомдук инвестиция көп тартылган.

 

-Алсак, 2017-жылы тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 3 миллиард 326,8 миллион сомду түзсө, өткөн жылы анын көлөмү 4 миллиард 695,7 миллион сомго барабар болду. Демек, өткөн жылдагы өсүү темпи 141,1 пайызга жеткен. Бул шаарыбыз үчүн жакшы көрсөткүч,  - дейт ал.

 

Ал эми ички инвестициялар көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 107 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 104,4 пайызды түзгөн.

 

Башкача айтканда, 2017-жылы тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 433,1 миллион сомго барабар болсо, өткөн жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 2 миллиард 540,1 миллион сомго жеткен.

 

Эскерте кетсек, шаарда кичи жана орто бизнес чөйрөсүнө түзүлгөн шарттардан жана атуулдардын ишкердик активдүүлүгүнөн улам 2018-жылы 66 жаңы ишканалар ачылып, 742 жумуш орундары пайда болгон.