Бүгүн эртең менен “Кыргызнефтегаздын” алдында эл чогулду. Алардын ичинда акционерлер да, карапайым жумушчулар да, ишкананын тагдыры жана анын жетекчиси эмне болоору жөнүндө кабатыр болушууда. Айрым маалыматтарга караганда, бүгүн түштөн кийин саакт 16.00 ишкананын жетекчиси тууралуу соттун чечими чыгуусу күтүлүүдө. Эгерде соттун чечими чогулгандардын көңүлүнө туура келбесе, чогулгандар кандай иш-аракет жасоосу азырынча белгисиз.