Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 164

 

 
2017-жылы 3425 мамлекеттик компания баш-аягы 72,8 млрд сомго товар сатып алган, анын 80 пайызы импорттук товарлар болуп саналат. Алтургай, айрым сүт азыктарынын түрлөрү да чет өлкөдөн сатылып алынат. Ал эми энергокомпаниялар трансформаторлорду Өзбекстандан, Казакстандан, Беларустан сатып алууда. Биз мындай саясатты токтотуп, өз товарларыбызды чыгара башташыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралып жатканда билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

 

«Биз жада калса электр эсептегичтерин да чыгара албай жатабыз. Энергокомпаниялар 10 млрд сомго электр эсептегичтерин сатып алды. Ошондон улам, товар сатып алууларга жумшалган 72,8 млрд сомдун жок дегенде жарымын – 36 млрд сом каражатты жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жумшашыбыз керек. Ошондо биз бул багытта 300 млн доллардан 500 млн долларга чейин инвестиция сала алабыз. Ал үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды түп-тамырынан өзгөртүүгө тийишпиз», - деди өкмөт башчы.