Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 201

 

Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык кыштагында жеке ишкер ташты кайра иштетүүчү ишкана ачты.

 

Бул ишкананын ачылышына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов катышышып, жаңы мекемеге ак жол тилешти.

 

Жаңы-Арык кыштагындагы ташты кайра иштетүүчү ишканага чет өлкөдө эмгектенип жатышкан Кыргыз мигранттары инвесторлук кылышты. Буга жалпысынан 1,2 миллиард доллар сарпталды. Ушул  тапта мында жаңы-арыктык 22 адам эмгектенип жатышат. Жаңы ишкана жетекчилиги жумушчулардын санын дагы элүүгө жеткирүүгө убада кылууда. Эмгектенгендердин маянасы 30-70 миң сомдун тегерегинде.

 

Баса, Жаңы-Арык кыштагындагы ташты кайра иштетүүчү ишканага сырье тээ Өзгөн районунун Жалпак-Таш кыштагынан ташылат. Завод жыл сайын 150 миң квадрат метр продукция өндүргөнгө жарайт. Жакын арада ишкананын жетекчилиги өндүрүштү мындан дагы көбөйтүү максатында Кыргыз-Орус фондунан ири көлөмдө кредит алууну мерчемдеп жатат.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы