Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 162

 

 

Жалал-Абадда быйылкы 9 айдын ичинде өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмү салыштырмалуу баалар менен алганда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге, тактап айтканда 180 пайызга өскөн Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

 

Эгерде өнөр жайдагы жалпы өндүрүштү алсак, анда өткөн жылдын 9 айында салыштырмалуу баалар менен 2 миллиард 25,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн эле.

 

Быйылкы 9 айда анын көлөмү 2 миллиард 338,2 миллион сомго жетти же салыштырмалуу 312,4 миллион сомго көптүк кылат. Демек, өткөн жылдын 9 айына караганда өсүү темпи 115,4 пайызды түздү.

 

Шаардагы өнөр жай ишканаларынын башкы аракети өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка туруктуулугу жана экспорттук мүмкүндүктөрдү арттыруу деп билдиришти жергиликтүү экономика бөлүмүнөн.