2018- жылдын январь-август айларында камсыздандыруу төлөмдөрү 19 млрд сомдон ашык түштү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка караганда, план 18 млрд 758 млн сомго болжолдонгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча, бул жылы план 104,8 %га аткарылды. Ошону менен камсыздандыруу төлөмдөрү 2018-жылга салыштырмалуу 1 млрд сомдон ашуун суммага өскөн.