Кыргызстанда доллар 50 тыйынга кымбаттады. Бул өзгөрүү акыркы он күндүн ичинде болду. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларында доллар 68,9 - 69, 17 сомго алынып, 69-69, 35 сомго сатылып жатат. Ошондо сутка ичинде 0, 29 пайызга өстү деп эсептелинет.
Доллардын көтөрүлүшүн Россияга каршы санкцияларга байланыштырышууда. Кыргызстандын улуттук банкы төрт айдын ичинде биринчи жолу интервенцияга өткөрүүгө мажбурлап, долларды валюта базарында сатыкка алып чыгууга аргасыз кылды.