Бүгүн, 4-сентябрь турак-жай, автоунаа жана батирлерге салык төлөөнүн акыркы күнү, ошондой эле жер салыгы да төлөнүшү керек (турак-жай турган, жайыт, короо жай).
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Аталган кызмат автоунаа, турак жай жана жер тилкеси бар жарандарды өз милдетин аткарууга шашылууга чакырат. Салыкты бугүн кечке чейин төлөп үлгүрүш керек.
Салыкты банк мекемелеринен, терминалдардан, уюлдук байланыш телефондордон жана интернет банкингинен төлөгөнгө болот. Убагында толөнбөсө туум жазылат.