Унаа, турак жай жана жер үчүн салыкты кечки саат 10го чейин төлөөө болот. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөнүн салык органдарында унаа каражаттары, турай жай жана батирлер үчүн салыкты (ишкердик иш үчүн колдонулбаган), ошондой эле жер салыгын (үй жанындагы, короо жай жана бакча-чарбак жер участогу) төлөө үчүн жарандарды тейлөө боюнча кезметчилик уюштурулган.
Кезметчилик жогоруда аталган салыктарды төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки саат 10го чейин уюштурулат.
Салыктарды айрым банктык мекемелердин кассаларында, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот. 1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.
Салыкты өз убагында төлөбөгөңдүгү үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмдөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум эсептелет.