Экономика министрлиги Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык, сатыктан түшчү салыктын өлчөмүн эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүлөт.
Муну менен экономика министри Олег Панкратов салык алуу тутуму үч этап менен өзгөртүлүп жатканын айтты. Биринчи кезекте, буга чейин сатыктан түшчү салыктан экспортерлор (товар өндүрүп, сыртка чыгаргандар) бошотулса, эми андан төлөмдөрдөн накталай эмес иш жүргүзгөн ишкерлер бошотула турганы айтылды. Ошондо сатыктан түшчү беш пайыздык салык накталай төлөм менен иш алып баргандарга гана тиешелүү болорун айткан экономика министри Олег Панкратов бул чара жашынып жүргөн салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгарарын билдирди: “- Салыктын беш пайыз деген өлчөмү бүгүнкү күндө таңууланган аксиома же догма эмес. Бул сунуш. Чекене соода кылган, кызмат көрсөтүү менен алектенген калктын кеңири катмарына бул салыктын тиешеси болбойт. Ким патент менен иштеп келсе, алар ошол бирдиктүү салыкты гана төлөйт. Бул салык жанагы накталай эмес төлөм менен иштөө кыйынчылыкты жаратпай турган орто дүң соода менен алектенген компанияларга туура келет. Булар накталай эмес төлөмгө өтүшү техникалык жактан кыйынчылык жаратпай турган чоң дүкөндөр жана дүң соода менен иштеген компаниялар. Накталай эмес төлөмгө өтүүгө алардын каалоосу гана тоскоол болуп келген”.
Экономика министри Олег Панкратов эгерде сатуучулар POS-терминалдарды колдонууну каалабаса, анда анысы кыңыр иштер бар экенин туюндура турганын айтты. Бул ишкер чөйрөнү ачыкка чыгууга түрткү берерин айткан министр сөз болуп жаткан сунуш "салыкты көбөйтүү менен казынаны толтуруу максатын көздөбөйт" деп ишендирүүгө аракет кылды.
Булак: “Майдан. kg” гезити