Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 193

 

 

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 23 млн. долларга көбөйдү. 

 

Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылууда. 

 

Маалыматка караганда,  31-мартка карата сырткы  карыздын жалпы суммасы 4 млрд. 425 млн. долларды чапчыган.  Анда  тышкы карыз 3 млрд. 899 млн. доллар деп көрсөтүлсө, ички карыз 526,6 млн. долларга жетет.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эң көп  карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына таандык, ага   1,7 млрд. доллар төлөнүшү керек. Бул тышкы карыздын 43,8%ына туура келет.