«Ишкерлерге жеңилдик берели деп жатып, көп нерсени колдон чыгарып коюптурбуз. Стратегиялык объектилерди Экономика министрлигинин уруксаты менен жылына бир гана жолу текшерүүгө мүмкүн. Текшерүү жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 10 күн мурун кабар берет. Кабар берилгенден кийин ишкерлер даярдык көрүп алышат. Албетте, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү зарыл, бирок ал чеги менен болушу керек» деп вице-премьер-министр Кубатбек Воронов Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Булак: ”Азия Ньюс”