Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 192


Депутатты 2017-жылдын январь айы менен 2018-жылдын январь айындагы салык төлөмдөрүнүн асман менен жердей айырма менен чыкканы таӊ калтырды. Ал учурдагы салык кызматынын башчысы бир жыл мурда ушул эле кызматтын башчысынын орун басары болгондуктан, салык планынын аткарылбай калышына катыштыгы бар деп тапты.

 

Депутат Зиядин Жамалдинов  мындай пикирин Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

 

 «Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген», - дейт ал.

 

Депутат 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуштамасын киргизүү зарылдыгын белгиледи.

 

Эске салсак, буга чейин Октябрь Абдыкаимов өткөн жылы бюджетке пландалгандан 1 млрд 622 млн сом кем чогултулганын билдирген.