Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Улуттук банктын жетекчилигине талапкер болгон Толкунбек Абдыгуловго суроо узатты:
“Дүйнөдө биткоин жайылууда, бул бизге да жетет. Бул жаатта эмнелерди ойлонуп жатасыз? Же биз дагы да улуттук валюта менен гана иштейбизби?”
Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк сомго гана жоопкер.
“Улуттук валютанын жоопкерчилиги жүз пайыз Улуттук банкка жүктөлгөн. Башка валюталарга банк жоопкерчилик албайт. Биткоин боюнча айтсам, менин жеке позициям мындай: ар бир кыргызстандык биткоинди пайдаланабы, же жокпу өзү чечиши керек. Анын курсу кескин көтөрүлөт жана кескин ылдый түшөт, ошондуктан, ар бир жаран өзү чечсин”, - деди Абдыгулов.
Ошондой эле, Толкунбек Абдыгулов эгер парламент менен президент колдоого алса Улуттук банктын төрагасы болуп жети жыл иштөөнү ниеттенерин билдирди. Айтымында, мыйзам боюнча Улуттук банктын төрагасы жети жылга дайындалат.