Кыргызстандын түштүк башкалаасында октябрь айынын экинчи жарымынан тартып көмүрдүн наркы эки эсе кымбаттады. Ушул тапта «кара алтындын» килосу 6-7 сомго бааланууда. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 3 сомго кымбат.
Баса, Ош шаарына көмүр Алай, Чоң-Алай, Кичи-Алай жана Баткен аймактарынан ташылат. Тимлекке каршы, азыр бир гана райондон тартылууда. Ушундан улам таңкыстык ого бетер күчөп, баа кескин түрдө жогорулады.
- Былтыр ушул маалда көмүрдүн килосун 4 сомдон гана соодалачу элек. Быйыл абдан аз ташып келип жатышат. Ошондуктан, сатуучулар баарыбыз биригип, бирдей наркта гана сатып атабыз. Кымбат болгоуну менен алармандар дагылке көп, - деди сатуучу Абдилазиз Айдаров.
Соңку саттарда Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети атайын билдирүү таратты. Анда айтылгандай, быйыл кышында кыргызстандыктар көмүр менен жетиштүү түрдө камсыз этилет. Муну үчүн мындан ары аракеттер жанданат. Ошентип, «кара алтындын» тоннасы орточо эсеп менен 3500-5000 сомдон ашпай тургандыгын бийлик катуу убадалап атат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Булак: “Майдан.kg” гезити