Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетинин таңкыстыгы 8,6 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, казынанын кирешеси 96 миллиард 114 миллион 267 миң 320 сомду түздү, а чыгашалары 104 миллиард 761 миллион 586 миң 152 сомго туура келди.
Министрликтен билдиришкендей, таңкыстыкты жабуучу булактар бар, ал турмак көп - 12 миллиард 83,2 миллион сом.
Анын ичинде ички булактар — 1 миллиард 153,4 миллион сом болсо, сырткы булактар — 10 миллиард 929,8 миллион сомго жетет.