Zfnoza.kg маалымат агенттиги Россия, Кыргызстан жана АКШ мамлекеттеринин башчыларына кеткен чыгымды салыштырып көргөн.

 

«Президентти камсыздандыруу- ощой эмес чыгашалуу иш. Бир гана президентке эмес, анын катчыларына, жардамчыларына, айдоочуларына, сакчыларына, багбандарына жана башка президентти тейлөө ишине түз жана кыйыр катыштыгы бар толтура адамдарга да айлык акы төлөнөт», - деп жазган маалымат агенттиги.

 

Андан тышкары президенттердин мамлекеттик резиденциясын, жеке учагын, автопаркын кармоого да акча кетээрин белгилешкен.

 

Аталган агенттик Россия, Кыргызстан, Украина  жана АКШ мамлекеттеринин президенттеринин алган айлыгын төмөнкүдөй салыштырган:

 

Во сколько обходится содержание Путина, Трампа, Атамбаева и Порошенко?