Бул тууралуу “Экситон Корпорейшн” илимий-изилдөө интитутунун жана тажрыйба-конструктивдик бюросунун президенти Дуйшенбек Камчыбеков билдирген.

 

Анын айтымында, мамлекеттик баланста туруп, казылып алынып жаткан нефтинин кору 11 миллион тоннаны түзөт да, алдын ала болжолдонгон корунун көлөмү 500 миллиондон бир миллиард тоннага чейин жетет. Ошондой эле өлкөдө нефтинин кору жаткан 10 чөлкөм бар. Алардын ирилерине 100 миллион тонна нефти кору бар Фергана, 70 миллион тонна кору бар Алай, 50 миллион тонна кору бар Аксай, 30 миллион тонна кору менен Токтогул чөлкөмү кирет.

 

- Азыркы кезде Жалал-Абад областындагы Кочкор-Атага караштуу нефти кендеринен жылына 70 миң тонна чийки нефти өндүрүлүүдө, бирок ага караштуу нефтини кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу жылына 500 миң тоннага ылайыкташкан, - дейт Д.Камчыбеков.

 

Бул адистин айтымында, Кыргызстанда нефти кендерин чалгындоо иштери жүрбөй жатат, себеби бургулоо иштерине кетүүчү чыгым кымбатка турат. Тереңдиги 5 чакырым болгон бир гана параметрлик скважинаны бургулоо ишине эки миллион сом (42,8 миң доллар) чыгымдалат. Анан калса, бургулоо ишинин натыйжасында сөзсүз эле нефти оргушап чыгып кетпейт, ал - болгону чалгындоо иши. Ошол себептүү чет элдик инвестиция тартуу ылайыктуураак.

 

Нефтетрейдерлер бирикмесинин президенти Жумакадыр Акенеев ички нефти ресурстарын өндүрүү жаатында Азербайжан менен бирдикте курулуучу нефтини кайра иштетүүчү заводдун келечегине ишенимдүү карайт. Анын айтымында, Азербайжан тарап Кыргызстандын түштүгүндө жана түндүгүндө ири жана кичи заводдорду курууну карап жатат. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына миллион тоннаны түзөт. Чийки нефти Азербайжандан алынып келинип, бул жерде иштетилмекчи жана Кыргызстанда да чийки нефти өндүрүлмөкчү.

 

Президенттин басма сөз кызматындагылар кийинки кадам нефтини кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча жумушчу топту түзүү болорун билдиришти. Кыргызстандын нефть продуктларына болгон керектөөсү миллион тонна болсо, анын 60 пайызын бензин, 40 пайызын дизелдик күйүүчү май түзөт.