Баткен облусунда кара алтындын басы кескин түрдө төмөндөдү. Ошондуктан, тогуз көмүр шахтасы кен казуусун токтотту. Бул туурасында Сүлүктү шаарынын вице-мэри Баабек Ташев кабарлады.
    
- Сүлүктү шаарында жалпысынан 31 шахта иштечү. Мунун ичинен 4 компания былтыр эле ишин баштаган. “Ж.Айтматова”, “Г.Осмонова”, “Ахмат-Кен”, “Белес-1” ишканалары былтыркы март-апрелден тарта эле көмүр каза башташты. Натыйжада бул ишканалар 96 кишини дагы жумуш менен камсыздашкан, - деп кошумчалады Сүлүктү шаарынын вице-мэри Баабек Ташев кабарлады.

 

Алишер Токсонбаев,
өз кабарчы